Menu

Айбар Султангазив: Биз ишенүү менен ичип жүргөн дарылардын клиникалык натыйжалуулугу далилденген эмес

Бөлүшүү:

Фармацефтикалык компанияларды бийликте отурган аткаминерлер калкалап, кадам сайын дарыканалардын, сапатсыз түрдүү дарылардын саны да көбөйдү. Адамдардын ден соолугуна кандай таасир тийгизип жатканын тыкыр көзөмөлдөгөн органдар жокко эсе. Бүгүнкү дарылардын сапатына кызыгып, саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиевге кайрылдык.

– Азыр интернет желелерине адам ден соолугуна пайдасын эмес зыянын гана тийгизген дарылардын узун тизмеси чыгып калат. Биздин дарыканалардагы дарылардын сапаты, Кыргызстандагы дары базары тууралуу кандай пикирдесиз?

– Жогоруда айтылган, биз ишенүү менен ичип жүргөн дарылардын көбүнүн чынында клиникалык натыйжалуулугу далилденген эмес. Айрым дарылар дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган тизмеге киргизилген дагы эмес. Кээде күлкүлүү туюлат, шарик түспөлдөнгөн кантга кантип шумдуктуудай энергия катылган. Балким дарыга гана болгон адам ишениминин жыйынтыгыдыр. Дарылардын сапатын карапайым адамдар ажырата албайт. Ишендирип дары каражаттарынын жарнамалары да көп.

Мисалы, оор, жугуштуу инфекцияга кабылганда күчтүү антибиотик дарыларын ичишет. Дартка кабылганда организм өзү илдет менен күрөшүүгө жөндөмдүү. Мындай учурда малина кыямын, С витамини камтылган витаминдер же бал алдаканча жакшы жардам берет деген ойдомун. Жөн гана тамак сыяктанган дарылардын кээде пайдасынан да зыяны көп. Айрымдары шумдуктуудай кооз таңгакталып, аты да өзгөчөлөнүп коюлган. Бирок дартты айыктырууга дарамети аз. Жок дегенде дарынын чыккан мөөнөтүн жакшылап карап сатып алуу зарыл.

Мисалы, ашказан дартына «мезим» дарысын колдонгуча, ачкыл сүт азыктарын, айран ичүү пайдалуурак. Азыркы учурда дарыканалар көзөмөлдөнбөй, дары базары күч алып, адамдын ден соолугуна терс таасир берерин да унуткарышкан. Адамдар пайдасыз дарыларды ичип, убакыттан уттуруп, дарттарын күчөтүп, айрым учурда өлүмгө учурагандары да бар.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: