Menu

Нарын шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулду

Бөлүшүү:

Тынбай жааган жамгырдан кийин Сочи шаарын суу каптады. Анын кесепетинен Туапсе менен Лазерев районун байланыштырган көпүрө бузулган. Аймакка өзгөчө кырдаал киргизилген.

Сочи шаарында жашаган Кыргыз жараны Гуля Жаналиева аба ырайынын катаалдыгы жана суу каптоодон улам эртең менен көпчүлүк тургундар жумушка бара албай калышканын айтты.

“Бир жумадан бери жамгыр жаап жаткан, бирок түнү бир заматта алай-дүлөй болуп кетти. Эртең менен жашоочулар, жадакалса жумушуна, мектепке, бала бакчага бара алышкан жок. Макопс деген аймакта темир жолго кеме сүрүлүп чыгып, каттамдар бир канча убакытка токтотулуптур, аба ырайы жакын арада өзгөрчүдөй эмес”, – дейт Жаналиева.

Орусиялык басылмалар Аше жана Совет-Кваже кичи райондорунда сел жүргөнүн жазышууда. Ошондой эле жол эки күндүн аралыгында оңдолору айтылат. 24-октябрда кечинде Краснодар крайында катуу жамгыр жаап, 2 миңдей турак үйдү суу каптаган. Эки адам каза болуп, дагы бир адам дайынсыз болгону айтылып жатат. Аймакта дагы эки күн бороон болуп, катуу жамгыр жаай турганы кабарланды. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: