Бүгүн, 25-октябрь күнү Нарын шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аймактык Нарын шаардык суу канал ишканасынан билдиришти.
Нарын шаарынын Тоголок Молдо көчөсүнөн РТС аймагына чейин, Ат-Башы көчөсүнөн 64 жана Москва аймактарына чейин эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулган.
Мындан тышкары, Ж.Шералиев атындагы көчөсүндөгү казуу иштериндеги жарылууларга байланыштуу таза суу саат 13:00дөн 15:00гө чейин Ат-Башы көчөсүнөн Жаңы-Жолго аймагына чейин убактылуу эки саатка токтотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ