Menu

Улуттук энергохолдингдин жетекчилиги канча айлык маяна алышат?

Бөлүшүү:

Бүгүн парламентте жылуулук берүү сезону жана ЖЭБдин кышында иштөөсү талкууланууда.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов химиялык цехти оңдоп -түзөө иштери жыйынтыкталганын, ЖЭБ көмүр менен камсыз болгонун, көмүрдүн 60% жергиликтүү, ал эми калганы Казакстандан келгенин билдирди.

“Кудай буюрса, ЖЭБ быйыл көйгөйсүз иштейт”-деди ал.

Анын айтымында, аталган чөйрөдө жаңы структура пайда болду. Жаңы жылга чейин энергетикалык компаниялар улуттук энергохолдингдин структурасы менен иш алып барышат. Ал холдингдин ордуна мисалга министрлик киргизилсе жагдай өзгөрүшүнө кумөн саноодо.

Депутат Зиядин Жамалдинов жетекчиликтин айлык акысына кызыкты. Холдингдин жетекчиси Азамат Абдыкадыров өзүнүн айлык маянасы 40 миң, ал эми анын орун басарларыныкы Нурлан Сыдыков менен Бакыт Эсенбаеваныкы 35 миң сомдон төзгөнүн айтты.

Эске салсак, Сыдыков көп жылдан бери энергетика тармагында эмгектенип, холдингде  энергетика маселелерин иштетет. Бакыт Эсенбаева кесиби боюнча экономист, ал холдингде каржы маселелерин иштетет, бирок мурун бул чөйрөдө эмгектенген.

-“Эсенбаева тикмечи, ал энергетикада эмнени түшүнөт,компитенция суроосун кароо керек”-деди эл өкүлү.

Депутат Тынчтык Шайназаров Абдыкадыровдон маяна тууралуу экинчи ирет сураганда, ал такыр башка сандарды атаган. Анын айлык акысы 80-90миңди түзөөрүн, октябрда 100 миң сом айлык акы алганын айткан.

“Алар башында бир санды, андан кийин башка санды айтып жатканын өзүнөр көрдүңөр. Биз мындай адамдар менен кантип иш алып барабыз? Кыргыз эли мындай адамдарга кантип чыдайт?”- деп нааразы болгон депутат.

Ал ага Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери айына 160 миң сомго чейин маяна алгандыгы жөнүндө маалыматтар түшкөнүн айткан.

Холдингдин жетекчиси дагы нааразычылыгын билдирген.

-“Башында мен оклад 40 миң сомду түзөт деген мааниде айткам. Андан сырткары чегерүүлөр дагы бар. Мен бул тармакта 30 жылдан ашык иштейм, жана бир да сомду эмгегимсиз алган эмесмин.” деп жооп берди ал.

Депутат Аида Касымалиева холдингдин бюджетин тактоону суранды. Абдыкадыров уюмда 48 адам иштегенин айтты. Жыл сайын холдинг өзүн кармоого 74млн сом алат. 49млн сом – маяна фонду, калган каражат салыктарга, социалдык  түшүүлөргө штатты кармоого жана башкага кетет.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: