Menu

Атабек Азисбеков атаандашын утуп, чейрек финалга чыкты

Бөлүшүү:

25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алууда. Анда 82 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандан Атабек Азисбеков катышууда.

Атабек Азисбеков жарым чейрек финалда кытайлык Жунжи На менен кездешти. Беттештин 1-бөлүгүндө Азисбеков атаандашына ыкмаларды колдонуп 5 упай топтогон. 2-бөлүктө кытайлык балбан эсепти 5:1 кылып, андан соң ыкма колдонуп эсепти тең кылган. Беттештин жыйынтыгында эсеп саны 7:6 болуп, Атабек Азисбеков жеңүүчү аталды. Бул жыйынтык менен ал мелдештин чейрек финалына чыкты.

Чейрек финалда Азисбеков япониялыкЮя Маета менен германиялык Роланд Шварцтын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен кездешет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: