Menu

Президент мырза, ата-энесин күткөн балдарды кубантуу сиздин колуңузда

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жалпы адам укугунун декларациясынын 70 жылдыгына, 1938-жылкы саясый репрессиянын курмандыгы болгондордун 80 жылдыгына карата чыгуучу мунапыстын (амнистия) долбооруна көнүлүңүздү бургум келди. Кыргызстан эгемендик алгандан бери президенттик-парламенттик, президенттик, эми парламенттик башкаруу системасына өтүп, коррупциянын туу чокусуна жеттик. Бийликтин ээси эл болгондон кийин президент, өкмөт, эл тарабынан шайланган эл өкүлдөрү, мамлекеттик каражаттын иштелиши жана шайлоо алдындагы программаларынын канчалык деңгээлде ишке ашканы боюнча бир жылда бир жолу эл алдында отчётун бергенде коррупция кескин түрдө кыскармак. Сот системасынын чабалдыгынан, прокуратура, ИИМ системалары реформа болбогонуна байланыштуу миңдеген адамдар кварталдык жана жылдык отчёттор үчүн милициянын натыйжасына жасалма кылмыштар менен абактарга кесилип кетүүдө. КР КЖКын 56-ст., 72-ст. колдонулбай, аябай оор статьялар коюлуп, тыкыр иликтенбей туруп сот тарабынан чыркыратып адилетсиз чечимдер чыгарылып кетти. Тез арада сот жана ИИМ системасын реформалап, жасалма кьшмыш иштерин кыскарта турган рычагдарды иштеп чыгып, абакта жаткан атуулдарыбызга гумандуулук менен калыс чечимдерди чыгарууга жетишүүбүз зарыл. Сот көзөмөл отурумун иш жүзүнө киргизип, соттук паракордукка бөгөт коюшубуз керек. Бүгүнкү күндө абакта социалдык жактан камсыз болбогон жарандар: кандайдыр бир себептер менен өз жашоосун күнүмдүк нерселер менен камсыз кыла албаган, негизинен паспорту, убактылуу жашаган жери жок, башталгыч жашоосуна акчасы жок жана 1-2-3-топтогу майыптар, жашы жете элек өспүрүм балдар, алко жана баңгизатка муктаж жана туберкулёз, ВИЧ, СПИД оорусуна чалдыккан жарандар кайра-кайра милициянын торуна ишинин жыйынтыгы үчүн илинип, арзыбаган кылмыш иштери тагылып, камалып жатышат. Ошонун негизинде миңдеген адамдар бүгүнкү күндө абакта жасалма түрдө өнөкөт кылмышкерге айланууда. Социалдык иликтөөнүн натыйжасында өнөкөт кылмышкерлердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Адам укуктарын эске албай, соттолгон жарандарга каргы салып, «өнөкөт кылмышкер» деп белги басканыбыз туура эмес.

Жогоруда жазылгандай, бүгүнкү күндө абакта «өнөкөт кылмышкер» деген жарандардын көпчүлүгү ачылбай калган кылмыштарды мойнуна алып же жасалма кылмыштар менен отурганы социалдык жактан камсыз болбогон жарандар экени белгилүү. Жалпы адам укугунун декларациясынын 70 жылдыгына карата чыгуучу мунапыс башка өлкөнүн атуулун бөлүп, экинчи тайпадагы кишилердей караганыбыз жалпы журтчулукка уят. Ошол себептен, «өнөкөт кылмышкер» деген белгиден баш тартып жана чет элдик жарандарга дагы мунапысты колдонуусуна көмөктөшөсүз деген ишенимдебиз. 10 жылдык мөөнөткө чейин соттолгондор 3/1, 15 жылга 4/1, ал эми 20 жылга чейин соттолгондорго 5/1 мөөнөтү кыскарылсын.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиздин кошкон салымыңыз канча деген ата-энесин күткөн балдарды кубантып, бир канча үй-бүлөгө бакыт алып келишине ишенебиз!

Сизди урматтоо менен «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: