Menu

Кыргызстан “РусГидро” менен Жогорку Нарын каскадынын курулушу боюнча аудит өткөрүүнү талкуулоодо

Бөлүшүү:

Кыргызстан Орусиялык “РусГидро” менен Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча аудит өткөрүүнү талкуулоодо. Бул тууралуу бүгүн пардаменттин отурумунда Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Депутат Азизбек Турсунбаев аталган иш боюнча соттук териштирүү кайсы этапта экенине кызыкты.

Кубатбек Боронов тараптар акыркы жолу бул суроону тараптар аралык укуктук комиссиянын алкагында талкуулагандыгын айтты. “РусГидро” менен карызды кайтаруу жөнүндө сөз кылганбыз. “Аудит өткөрүү керек. Бул маселе азыр талкууда”-деди Боронов.

“РусГидро” менен бул маселе чечилбегенине карабастан, Өкмөт курулушту жандандырууга  жаңы инвестор табууга үмүттөнүүдө.

2012-жылы Орусия менен Кыргызстан жалпы төрт станциядан турган Жогорку Нарын ГЭС какадын куруу тууралуу келишим түзүшкөн.

Каскаддын курулушуна “ЖогоркуНарын гидроэлекрстанцияларыЖЧКсы” жана Орус тарапка таандык “ЭлектрСтанциялары ААК” ишканалары түзүлгөн.

2016-жылы келишим бир тараптык негизде жокко чыгарылган. Ал учурда “РусГидро” долбоорго өздүк 38млн доллар каражатын сарптаган.

Булак:KyrgyzTodау

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: