Кечээ, 24-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу чет өлкөлүк валюталарды кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын эки жараны кармалган. Бул тууралуу укук корго органдарына шилтеме берүү менен Өзбекстандын басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын Чуст районунун Гова айылында Өзбекстандын коопсуздук кызматынын кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 746 миң долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган Өзбекстандын эки жаранын кармашкан.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ