Мухаммед бин Салман.
Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман оппозициялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө анын кеңешчилеринин катышы бар деген дооматттардан кийин биринчи жолу үн катты.
CNNдин билдирүүсүнө караганда, ханзаада Эр-Риядда ишкерлер менен болгон конференцияда сөз сүйлөп, журналисттин өлүмүн “көңүл иренжиткен кылмыш” деп атады.
– Бул бардык саудиялыктар үчүн оор окуя болду. Мындай болбошу керек эле, – деген Салман күнөөлүүлөрдү мыйзам менен жазалоого убада берди.
Өткөн аптада Сауд Арабия бийлиги Хошогги Стамбулдагы консулдукта чыккан мушташтан улам өлгөнүн билдирген. Бул иш боюнча 18 кишиси кармалган. Мураскер Ханзааданын беш кеңешчиси жумуштан бошотулган.
Бирок Хошогги кокустан өлгөн деген версияларга баары эле ынанган жок. Түркия президенти Режеп Эрдогон журналист Жамал Хашогги атайлап өлтүрүлгөнүн жана ага алдын ала даярдык көрүлгөнүн билдирген.
Кошмо Штаттар журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сауд Арабияга санкция киргизүү маселесин кароодо.
59 жаштагы Жамал Хашогги быйыл 2-октябрда өз өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунун имаратына кирген соң дайынсыз жоголгон. Түрк бийлигинин колуна тийген аудиожазууга караганда, Стамбулга келген саудиялык агенттер Хашоггини консулдукта суракка алышып, андан соң кыйноого алып өлтүрүшүп, сөөгүн жиликтешкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ