Бүгүн, 26-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Улукбек Кочкоровду жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына Азамат Жаманкуловду тааныштырганын маалымдады.
Берилген маалымат боюнча, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жаңы дайындалган министрлердин кесиптик тажрыйбасын белгилеп, алардын аткарган эмгегинин натыйжасында аталган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө жакшы жагына өзгөрүүлөр болоруна ишенимин билдирди.
Айта кетсек, буга чейин парламент У.Кочкоров менен А.Жаманкуловду министр кызматына жактырышканы маалымдалган.
Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Жаманкулов Азамат Капарович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри жана Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ