Menu

Жусуп XX кылымындагы кыргыз элитасынын арстаны!

Бөлүшүү:

Редакциядан: “Жок, андай эмес” десеңер, анда кимиңер Жусуптай боло алдыңар эрендер? Ушундайда Кыргыз мамлекетин түптөгөн Ж. Абдрахмановдун асылдыгын, кеменгерлигин, анан анын аргасыздан “Менин шордуу элим!” деп жазганын эстейт экенсиң…

Замандын оомалуу төкмөлүүлүгүнө, жарыгы жанды жалтантып турган тарыхый турмуштун талаштуу тамырына, көз караштардын кызыл кыргын түшкөн күрөштөрүнө карабастан, Жусуп Абдрахманов каракулак кабыландай чындык, эркиндик үчүн ак ниети менен арекеттенген. Ал 1926-жылы кырыздардан эң алгачкылардан болуп Россия коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинде (Кремльде) бөлүмдүн баштапкы партиялуу уюмзшун секретары болуп иштеген. Андагы партиялык уюмда ошол кездеги СССРди башкарып турушкан И. В. Сталин, В. М. Молотов, К. Е. Ворошилов жана башкалар болгон. Жусуп Абдрахмановдун тайманбас, коркпос, жүрөгүндө жалы бар, оозунда оту бар, көк жал экендигин анын Сталинге жазган катгары, Түркестандын, Кыргызстандын партиялык уюмдарынын Орто Азиялык, республикалык жыйындарында сүйлөгөн жагымдуу үндөрү, 1928-1931-жылдарда жазган күндөлүгүндөгү, райондук, областык, Россиялык жана бүт Советтер Союзунун ар кандай жетекчилерине берген так, таасын мүнөздөмөлөрү далилдейт!

1927-жылдын март айында жаңы түзүлгөн Кыргыз автономиясынңн Эл коммиссарлар Советинин төрагалыгына дайындалышы Жусуп Абдрахмановдун эс тартып, элдин кызматына келгенден бери кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жандуу күрөшүнүн туу чокусу болгон. Анда ал болгону 26 гана жашта болчу.

Р. S. Жүрөгүндө жалы бар кеменгер өз өмүрүнө кайыл болуп, өз элин өлүмдөн сактап калууүчүн Сталиндин буйругуна каршы пикирин билдиргени үчүн мындан 8о жыл мурун күрдөөлдүү күздүн так ушул күнү кызматынан алынып, 4 жыл түрмөдө эзилип, 1938-жылы атууга кеткен!

Булак: «Айгай-пресс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: