Menu

Нарындын олигархтары элетке кол сунабы же ажонун сунушун укмаксан болушабы?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эки күн мурун Нарын шаарына иш сапары менен барды. Жолугушуу учурунда Нарын облусунан чыккан ишкерлерди кичи мекенин өнүктүрүүгө салым кошууга чакырык таштады. Башкача айтканда президент: «Урматтуу Нарындык олигархтар, өзүңөр эле байый бербей, элди да ойлогула, региондорду көтөрүүгө салым кошкула!» дегендей эле айтты. Чындыгында өлкөнүн алдыңкы байлары Нарындан экендиги талашсыз. Бирок, алардын «жарыгы» элетке тийип жатканын көрө да, уга да элекпиз. Дүйнөнүн түбүнө жетчүдөй эле күмпүңдөшүп, «тешик» болсо эле башын тыгып жеке бизнестерин гүлдөтүүменен алек. Жалпы элди ойлоп Нарын областына бир завод же ишкана курганын көрсөк, буюрбасын! Көрүп туруп айтпай койсок Кудай урсун! Чын, эй!

Асыресе, ажонун сунушу карапайым элге майдай жакты. «Битин сыгып канын жалаган» тыңчыкмалар ажонун бул сунушун кандай кабыл алаар экен? Элетке кол сунабы же президенттин пикирин укпаган кишидей түр көрсөтүшөбү?

Баса, ажо Нарынга жасаган сапарында айткан: «Кыргызстандын байларынын жарымы нарындыктар» деген сөзүнө ыраазы болгон Эдил Байсалов “экстин” “нарындыктар малсыңар” деген сөзүн эстегенин жазып, бир жылмайтты.

Нургазы Айтырзаев

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: