Menu

Жээнбеков Нарындык миллионерлерге Кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы күнү 24-октябрда Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушуу учурунда Нарын облусунан чыккан ишкерлерди кичи мекенин өнүктүрүүгө салым кошууга үндөдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Ал өлкөнүн тагдыры-ар бирибиздин тагдырыбыз, элибиздин тагдыры экенин жана ар бирибиз региондорду өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошо алаарыбызды белгиледи. «Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр Бишкекте керек болсо, мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланган бизнес-империяны түптөп, соода точкаларын, эс алуу борборлорун, көңүл ачуучу жайларды биринин артынан экинчисин куруп жаткандар бар. Алардын жарымы касиеттүү Нарын жергесинен чыккан ишкерлер. Арасында доллар миллионерлер, сом миллионерлер бар. Алар өзүнүн кичи мекенине, элетке кайдыгер карабай өз айылын, районун колго алса, аймактар тезирээк өнүгө баштайт. Мамлекетти эле карап отурбастан, ар бирибиз облусубузга, шаарыбызга, районубузга айылыбызга, көчөбүзгө пайдалуу иш жасайлы»,-деди Жээнбеков.

Ал эгерде бизнесмендер региондордо социалдык объектилерди, кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, продукцияларды экспорттошсо, мамлекет аларды ар тараптан колдой турганын белгиледи.«Биз бир билек, бир тирек, бир тилек» болсок, алдыга карай жол алабыз. Ошондо биздин сүйүктүү Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүгөт, мамлекетибиздин кудурети артат»,-деди мамлекет башчысы.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: