Menu

Биринчи элчи Казы Дикамбаев

Бөлүшүү:

24-октябрда кыргыз дипломатиясы өздөрүнүн кесиптик күнүн белгилешти. Юбилейлик дата десек да болот. Анткени мындан туура 20 жыл мурун 24-октябрда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкеринин күнүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынган.

Ушундан улам кыргыздан чыккан тунгуч дипломат Казы Дикамбаев жөнүндө кеп кылууну эп көрдүк. Казы Дикамбаев дипломатиялык кызматтарда чакан мамлекетибиздин жерпайын түптөөгө эбегейсиз салым кошкон инсан болгон. Дикамбаевдин кызмат жолу 1937-жылдары башталган. Ал Ташкент шаарындагы Өзбекстан эл чарба институтун бүтүрүп, Мамлекеттик пландоо комитетинин экономисти, Кыргыз ССР Мампланьшын төрагасынын орун басары, Мамлекеттик Көзөмөл министри кызматгарын аркалаган. 1944-жылдантартып Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министри, Министрлер Советинин төрагасынын орун басары кызматтарын бир учурда жетектеген. 1949-1961-жьшдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Бюро мүчөсү болгон. Бүгүнкү чиновниктердей болуп «особняктарда» эмес, эл катары советтик мезгилде курулган көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жөнөкөй жашап, ак таза иштеп жүрүп өткөн…

Булак: «Айгай-пресс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: