Menu

Икрам АШАнын сактоочусу болобу?

Бөлүшүү:

Икрамжан Илмияновдун камалганы саясатты күчөттү. Аны менен кошо ар түрдүү бүдөмүк сөздөр дагы арбыды. Илмияновдун камалышы менен эки гана маселе чечилчүдөй болуп турат. Андан башка жол көрүнбөйт.

Биринчиси, Илмиянов мындан да кыйын учурларда Атамбаевди саткан эмес. Ишенимдүү адам катары ар дайым аны менен кошо жүрүп,унитазда уктап калган учурларында тазалап бирге болгон. Ошон үчүн жети жыл президенттик доорду чогуу сүрдү. Азыр дагы Атамбаевге каршы көрсөтмө бербейт. Бул анын жигиттиги, Атамбаевге ак дилинен кызмат кылганы. Ошондуктан, шефинин бүтүндөй күнөөсүн өз мойнуна алып,жоопкерчиликтен Атамбаевди куткарып калышы мүмкүн. Бийлик дагы анын берген көрсөтмөлөрүнөн кийин Атамбаевге эч кандай күнөө коё албай,“Коррупциянын башында Илмиянов турган экен. Атамбаев аралашпаптыр, ага билдирбей ишти кыла бериптир да” деп элге Атамбаевди ак карга кылып көрсөтүп, Илмиянов менен ишти жаап тынчытат дагы, анын мүлктөрүн конфискациялап коёт. Ошону менен Атамбаев таза президент болуп чыга келет. Экинчиси, Илмиянов менен атайын сүйлөшүү болгондон кийин камоо. Эгер ушул вариант ишке аша турган болсо, чын эле азыркы президентти шайлоо учурунда Икрам талапкер кылып көрсөтүп, акыр аягына чейин чыкканы аныкталат. Бийлик аны эки ай камаган соң, сотто иши каралып, шарттуутүрдө гана ашып кетсе 2 жылга кечип кутулуп “Икрамдын үстүнөн түшкөн арызды иликтедик. Чындыгы андай эмес экен. Ишкерден 150 миң доллар алганы калп болуп чыкты. Икрам бир дагы документке кол койгон эмес. Ап өлкөдө эч нерсе чечкен кадр болбоптур” деп актап, андан ары өз ишин улантууга жол

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: