Menu

“Нур” партиясына Туйгуналыга окшогон эскилер кошулабы?

Бөлүшүү:

Бир кездеги Атамбаевдин жакын кишиси, акыл айтчу кеңешчиси болуп жүргөн айылдашы Турдубек Молдобеков “Нур” партиясын чоң саясий таймашка даярдап жүргөнү маалым болгон. “Нур” бул бийликке тирөөч болуп берчү партиялардын бири да болуп калышы мүмкүн. Ак үйдүн бул партияга көзү түз болуп жатканынан көпчүлүк кабардар. Турдубек Молдобековго жардам берип жүрүшкөн арашандык активист айылдаштары “Эгер сен дагы Атамбаевге окшоп акчалууларды партияга чогултуп, алардын акчасын алганга кызыксаң эмитен эле ачык айт. Биз сени менен болбойбуз. Партиянын келечегине балта чапкан болосуң. Эски досторуң Туйгуналы, Исага окшогондор көзүн кысып, жылмая сүйлөп келсе, аларга алданып, партиянын эшигин ачып бере турган болсоң бизге капа болбогун. Партияга билимдүү жаштарды тарталы. Элдин ишенимин актай турган команданы чогулталы. Биз дагы колдон келген жардамды берели. Атамбаев акчалууларга кызыгып, эмне болуп жатканын көрүп жатасың да” деп катуу эскертишиптир. “Нур” кийинки шайлоолордо майданга чыга турган болсо эски төөнүн көзүндөй болгон саясатчыларды андан көрбөй, жалаң жаштарды жолуктурат экенбиз.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: