Menu

Айбек Мырза: Курултайга катышууга Жээнбеков, Атамбаев, Бабанов, Мырзакматов, ал тургай саясий туткундар да кызыкдар болушу керек

Бөлүшүү:

– Айбек 24-ноябрда “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталышта Курултай өткөрүү чечимин кабыл алдыңар. Муну менен өлкөнүн өткөнүн, келечегин анализдеп көрөлү деп атасыңарбы?

– Курултай ушул жылдын 24-ноябрында өтө турган болуп чечилди. Ошол Курултайда сиз айткандай өткөнгө калыс баа берип, туура жыйынтык чыгара алсак гана келечекке ишенимдүү кадам таштай алабыз. Негизги карала турган маселе деп экс-президент А. Атамбаевдин башкаруусуна саясий, укуктук, экономикалык баа берүү. Ал убакта канчалык деңгээлде мамлекеттүүлүгүбүзгө жарака келди же бекемделди? Ушул сыяктуу маселелерди талкуулайлы деп атабыз. Ушул маселелерде Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги жана ишмердүүлүгүнө дагы баа берилет. Алар канчалык деңгээлде мамлекетибиздин өнүгүшүнө кедергесин тийгизди же салым кошту? Жогорку Кеңеш да өз баасын алышы керек эмеспи. Учурдагы президент С. Жээнбеков жана анын командасы бир жыл ичинде саясий, укуктук, экономикалык кандай реформаларды баштай алды? Жаңы бийлик А. Атамбаевдин башкаруу ыкмасына кескин кандай өзгөрүүлөрдү кыла алды? Бул суроолор менен бүгүнкү бийликтин бир жылдык ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүп, татыктуу баа берилет деп ойлойм. Азыр баардык саясий топтор менен кеңешмелерди өткөрүп жатабыз, сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин күн тартиби так анык болот.

– Жаштар саясий оюндун куралы болуп калышчу. Курултайды өткөрүүгө активдүү болуп жаткан да жаштар болууда. Силер да бирөөнүн арыгын чаап калбайсыңарбы?

– Жаштар туурасында айтып кетсем, менимче саясатта жаш, кары деп бөлүнбөш керек. Идея, көз караш, принциптер менен жаш курагына карабай биригүү маанилүү. Ким жоопкерчиликти колго алып, саясий процесс жаратып, уюштуруу ишин колго алса жеңиш да ошол тарапта болот. Ал эми жөн эле сүйлөп, сындап жүргөндөн маселе чечилбейт. Курултай өткөрөлү, башкаруучуларга татыктуу баа берели, бийлик өз элине отчёт берип турсун деген жаштар эч качан кайсыл бир саясатчынын же саясий топтун арыгын чаппайт. Аларда өз көз караштары, принциптери бар.

– Кыргызстанда саясий күчтөр бири-бири менен ыркы келе беришпейт эмеспи. Баардык күчтөрдү кантип Курултайга катыштырабыз деп атасыңар?

– Курултайга дээрлик көпчүлүк саясий-коомдук күчтөр катышуу ниетин билдирди. Бул да учур талабы болсо керек. Курултай калыс аянтча болуп берет деп ишенем. Буга С. Жээнбеков, А. Атамбаев, Ө. Бабанов, М. Мырзакматов, саясий туткундар да кызыктар болушу керек.

– Бийликти мактаган саясатчылар көнгөн адатына салып, бүгүнкү абалды макташса алар менен макул боло бересиңерби?

– Мактаган күчтөргө да, сындаган күчтөргө да эшик ачык. Бийлик да, оппозиция да чындыкты, калыс сөздү көтөрө билиш керек.

Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: