Menu

Сариевди сындыра албаганына өкүнгөн Алмазбек Атамбаев

Бөлүшүү:

Айтайын дегенибиз Атамбаев учурда досу Сооронбай Жээнбековго ызырынып, тап берип жатканы баарына белгилүү болуп турат. Эки достун ортосуна ырк кеткени маалыматтык согуш дагы күч алгандай.

Учурда Атамбаевдин алты жыл башкарган аралыгындагы былыктар чууруп чыгып айласын таппай куурап турган чагы. Ал эми Атамбаев Соке досуна “Жээнбеков менин эл караган бетимди жер каратты, мени элге ыплас адам катары сыпаттап, уят кылды” деп ачууланып жатканын кулагыбыз чалды. Атамбаев минтип бет тырмарлык кылаардан мурда артка бир кылчайып, кетирген кемчиликтерине саресеп салып койсо оң болмок. Атамбаевдин эң чоң катасы бул Жээнбековду бийликке алып келгени эмес, анын балп этмелери жана жети жылдык башкаруусундагы ири коррупциялык иштер болду. Алсак, Бишкек ЖЭБдеги. Түндүк-Түштүк жолун куруудагы. Тарых музейиндеги, Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын курулушундагы коррупциялар жана мыйзамсыз “контрабанданын” күч алышы себеп болгонун кантип танабыз? Мындан тышкары Атамбаев өзүнүн балп этмелери менен Орусия, Казакстан жана Түркия сыяктуу өнөктөш мамлекеттер менен алаканы бузганы болду. Албетте, буга дагы президенттик шайлоонун шамалы себеп болгону маалым. Атамбаев коңшулаш мамлекеттер менен алаканы бузуп алып, аргасыз АКШга, Араб өлкөлөрүнө (Султанаттарга) жагалданган. Анын алкагында Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө сес көрсөткүсү келгени да чындык. Бажы биримдигине кирүүгө салымы зор болгон, алгылыктуу иши менен эл колдоосуна татып жаткан премьер-министр Темир Сариевди саясий шоу менен кызматтан алуу операциясын дагы Атамбаев баштап, парламент менен Өкмөттүн тирешин жаратканын тана албаса керек. Сариевге кылмыш ишин козгоп, аны камай албай калганына ыза болгону айтылбады . Албетте, Атамбаев акыры көксөгөн максатына жетип өзү каалаган адамы президент болду, бирок тилекке каршы Атамбаевдин ойлогон арам ою ойрон болуп, акыры өзү айтмакчы “ыплас” адам болуп чыга келди.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: