Menu

Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдүн башчыларын кабыл алды

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев Куралдуу Күчтөрдүн ишмердиги жана ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи.

Акыркы мезгилде аскердик кылмыштардын көбөйүшү армиянын аброюна терс таасирин тийгизип жатканы белгиленди. Бул фактылар жеке курамды окутууда командирлердин кесипкөйлүгүнүн жетишсиздигинен, аскердик мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштиктүү системанын жоктугунан болуп жатат.

Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдөгү өзгөчө аскердик комиссариаттардын кызматтык адамдарынан акча каражаттарын талап кылуу фактыларына көңүл бурду.

Ал аскердик командачылыкка күнөөлүү адамдарга карата өз убагында чечкиндүү аракет кылууну тапшырды.

Ошондой эле Башкы штабдын башчысына өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн командачылыгы менен кеңешме өткөрүп, мындан ары аскердик кылмыштарды болтурбоо боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары жумушчу кеңешменин жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташуунун жана республиканын коргоо-өнөржай комплексинин ишканаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: