Menu

Бишкекте Кыргыз милициясынын 94 жылдыгына карата, кызматкерлер саптык кароодон өтүштү

Бөлүшүү:

Бүгүн 26-октябрда Бишкекте Кыргыз милициясынын күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Иш-чарага министр Кашкар Жунушалиев, анын орун басарлары жана ИИМдин кызмат башчылары менен бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Ошондой эле, ИИМдин “Шумкар”атайын багыттагы полктун, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Академиянын курсанттары, Бишкек ШИИББ менен Чүй ОИИББнин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышышты.

“Милиция ар дайым коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тапшырмаларды аткарууну камсыздап келет. Мен ар бир кызматкерден жоопкерчиликтүүлүктү, жарандарга кайрылууда сылык мамиледе болууну, профессионалдуулукту көрсөтүүнү, коомдук тартипти камсыздоодо укук бузууларды кетирбөө үчүн өз убагында тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылам”- деди Жунушалиев.

Бул иш-чара Кыргыз милициясынын 94 жылдыгына арналып, майрамдык маанайда өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: