Menu

Чыпалагыңызга карап өзүңүз тууралуу маалымат алыңыз

Бөлүшүү:

Эгер алаканды жайып чыпалакты карай турган болсок ар бир адамдыкы ар түрдүү болот. Бириники узун, бириники кыска… Мындан улам мунун себеби эмнеде деген суроо туулат. Илгери мындай суроолорго жооп алуу үчүн, өтмүштү, келечекти билүү үчүн хироманттарга кайрылышкан. Учурда алаканга карап эч ким деле төлгө салбай калды. Бүгүн биз төлгө салбай эле алаканыбызга карап анча-мынча билбеген маалыматтарды алсак болот. Жалпысынан алып караганда дүйнөдөгү адамдардын чыпалагынын узундугуна карап 3 типке бөлсөк болот:

1. Тип «А»

Эгер сиздин чыпадак алаканыңызды жайып караганда аты жок манжадагы сызык менен тең болсо сиздин ар дайым бир калыпта жүргөндүгүңүздөн, салмактуу мүнөзүңүздөн кабар берет. Мындай адамдардын ою чачыранды эмес. Алар табиятынан тартиптүүлүккө ыктап турушат, жумушта же үйдө болобу башаламан ды кка, ирээтсиздикке жол бергилери келбейт. Хаос бар жерден өздөрүн ыраак кармашат. Мындай адамдардын жини оңой менен келбейт. Белгисиздик абалды жек көрүшөт. Мындай адамдардын ойлору жыйынтыктуу, чечимдери алдын ала ойлонулган болот. Бир маселе боюнча жыйынтыкка келүүдө алар абалды терең анализдешет. Чечим чытарууда тез аракеттенет. Булардын өзүнө болгон ишеними өзүнүн ким экендигин мыкты түшүнгөндүгүндө.

2.Тип “Б”

Эгер чыпалагыңыздын узундугу аты жок манжанын биринчи сызыгынан төмөн жайгашса В тибиндеги адамдардын тобуна киресиз. Бул топтогу адамдар эмоционалдуу, сезимтал, өтө баамдуу келишет. Жардамга муктаждарга акыркы мүмкүнчүлүк калганча жардам берүүдөн баш тартышпайт. Достукка бекем, өзүнө кандай ишенсе, досуна да өзүндөй ишенген ишенчээктер болушат. Ушул ишенчээктиги алардын алсыз сапаты. Жакын адамдарыңыз эгер сизге күтүүсүздөн катуу сөз айтышса же сизге жакпаган кандайдыр бир аракет кылышса өтө оор тиет, жүрөгүңүзгө жакын кабыл аласыз. Мындан тышкары мындай адамдар эмпатияга жакын болушат. Башкача айтканда табиятынан бөлөк кишилердин эмоционалдык абалын мыкты түшүнүп, алардын ордуна өзүн кое биле алышат. Бул өтө сейрек кездешчү сапат. Эгер сиз ушул сапатка ээ болсоңуз ушуну ңуздан жазбаңыз. Азыр аз гана адамдар мындай жылуулукту башкаларга бере алышат.

3.Тип “С”

Эгерде сңздин чыпалак аты жок манжадагы биринчи сызыктан жогору жайгашса, башкача айткандаузун болсо С тибиндеги топко киресиз. Бул типтеги адамдар жумушуна, сүйүүгө же болбосо кандайдыр мамилелерге бүт өзүн арнагандар. Мындай кишилер өзүнө коюлган талаптан көп нерсе бергенди адат кылып алышат. Алардын мындай марттыгы, берешендиги башкалардан болгон негизги айырмачылыгы. Анан да чыпалагы узундар сырга бекем, коомдо өзүн сак жана так алып жүрүшөт. Ак көңүлдүүлүгүнө жооп катары айлана-чөйрөдөн өзүнө каратаакыйкаттыкты жана жылуу мамилени күтүшөт. Сиз кандай болсоңуз сизди ошондой кабыл алган адамдардын сизди курчап туруусун каалайсыз.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: