Menu

Жалал-Абадда жер көчтү

Бөлүшүү:

23-октябрда саат 11:30 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылында жер көчкү түшүп, Ачы-Сай сайын бөгөп калды.

Учурда ӨКМдин облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иштери жүрүп жатат. Турак үйлөргө коркунуч жаралган жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1990-2016-жылдар аралыгында 500гө жакын жер көчкү катталса, 2017-жылдын 4 айында эле 129 жер көчкү катталып, анын 63ү өзгөчө кырдаалды жаратты. Былтыры табигый кырсыктардан 45 адам каза болгон. ӨКМден билдиришкендей, активдешкен 359 жер көчкүгө мониторинг жүргүзүлүп, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: