Menu

Фото- Чүйдө баңгизатын унаага алмаштырууну көздөгөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

23-октябрда ИИМнин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизатына автоунаа алмаштырып жаткан жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ыкчам кызматкерлерге азият улутундагы 20-25 жаштар чамасындагы жаран баңгизатына унааны алмаштырууну көздөп жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ыкчам иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн иш- чаралардын натыйжасында 23-октябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда «Тойота» үлгүсүндөгү автоунааны «гашиш» баңгизатына алмаштыруу учурунда Жалал-Абад облусунун тургуну, 1997-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалган. Ал кызматкерлерге скотчтолгон бангизатты өз ыктыяры менен тапшырып берген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: