Menu

Жыйындар залына кирип келген аялдар тобу Талас шаардык кеңешинин сессиясын үзгүлтүккө учуратышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-октябрда Талас шаардык кеңешинин кезектеги 24- сессиясында жыйындар залына сырттан кирип келген аялдар ызы-чуу салып сессияны үзгүлтүккө учуратышты.

Бул тууралуу КСДП фракциясынын аймактык лидери Айбек Сүйүнтбеков кабарлады.

Анын айтымында, буга чейин шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 9 айда аткарылган иштердин жыйынтыгы каралып, мэрдин отчету канааттандырарлык эмес деп табылган. Андан соң депутаттар күн тартибиндеги кийинки маселени карап башташкан. Шаардык кеңештин депутаты Асыл Рыскулбекова баяндама жасап жаткан учурда, мэр Айдар Жузупбековдун артынан залга кирип кирип келген 4 аял аны оозго алгыс сөздөр менен урушуп, баяндамасын аягына чыгартпай коюшкан. Депутат айым булардын үстүнөн Талас ШИИБине арыз жазгандыгын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: