Menu

Каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыланды

Бөлүшүү:

Бүгүн 26-октябрда өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Мухаммедкалый Абылгазиев каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Өкмөт башчы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы  жана «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын»  аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн Финансы министри Адылбек Касымалиевге  сөгүш, орун басары  Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: