Menu

Кетирген кемчиликтери үчүн Финансы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыяланды

Бөлүшүү:

Мындай чечимди кечээ, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча маселени кароонун жүрүшүндө кабыл алды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө талкууга коюлган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасап, аталган багытта аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун долбоорун бекитүү чечими кабыл алынды.

Аны менен бирге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы  жана «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын»  аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн Финансы министри Адылбек Касымалиевге  сөгүш орун басары  Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алууну тапшырды.

Ошондой эле Премьер-министр «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын»  толук кандуу аткарууну камсыздоону милдеттендирди. Талкуу соңунда Өкмөт башчы республикалык бюджетин бөлүштүрүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын дыкат аткарууну камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: