Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.М.Кулубаев Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Г.Т.Койшыбаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралу Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинен билдиришти.
Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын бир топ маселелерин, анын ичинде келе жаткан жогорку денгээлдеги иш-чараларды жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы боордоштук жана жакшы коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөнү талкуулашты.Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.М.Кулубаев менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Г.Т.Койшыбаев тыгыз байланышта жана туруктуу жумуш диалогун уланта берүүнү макулдашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ