Menu

Алмаз Атамбаевдин досу Андрей Бельяниновдун үйүнө куралдуу каракчы кирип, 15 млн рубль, $10.000, €10.000 жана 30 алтын сөлкөбайын тоноп кетти

Бөлүшүү:

24-октябрь күнү кечки саат сегиз менен тогуздун ортосунда “Новая Москва” аталган аймактын Бачурино айылындагы Россия бажысынын экс-төрагасы Андрей Бельяниновдун сырткы эшиги ачык калган үйүнө кара беткап кийген белгисиз адам тапанча менен кирип, үйдө болгон накталай акчалардын баарын берүүнү талап кылган. Үйдө Андрей Бельянинов жана анын жубайы Людмила Бельянинова экөөсү эле болушкан. (Айрым ММКлар Людмила Бельянинова өзү жалгыз эле болгон деп ишендирип жатышат).

Каракчы колундагы тапанчаны үй ээлерин көздөй сунуп, бирок жерди көздөй ок атып, акча талап кылган. Бельяниновдор 15 млн рубль, $10000, €10.000, 30 коллекциялык алтын сөлкөбай бергенден кийин беткапчан кылмышкер үйдү таштап чыгып кеткен. Кечигип келген полиция из кубар иттер менен каракчынын артынан түшүп, бирок үйдөн 400 метрдей ары, токойго жеткенде каракчынын изин жоготуп таппай калышкан. Полиция карактоо беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, азыр иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бирок Бельяниновдор үйүнүн алдына видеокөзөмөл койбогондуктан каракчыны издөө татаалдашкан. Жапа чеккендердин айтымында каракчы спорттук дене түзүлуштөгү, бою 170-175 см келген, башына кара беткап кийген адам болгон.

Андрей Бельянинов ким эле?

1985-1990-жылдары Владимир Путин Дрездендеги “ГДР-СССР достук үйүнө”  директор болуп дайындалганда (Сырткы чалгын кызматынын резиденти) Андрей Бельянинов Достук үйүнүн завхозу болуп дайындалып (бул да сырткы чалгындын резиденти) кызмат кылган. Экөөсү ошол жерден достошуп калган.

2000-жылы Владимир Путин Россиянын президенти болуп шайлангандан кийин “Росвооружение”, “Рособоронэкспорт” жана “Промэкспорт” ишканаларын бир ишканага бириктирип, ага Андрей Бельяниновду гендиректор кылып дайындаган.

2006-2016-жылдары Андрей Бельянинов Россиянын Бажы башчысы болуп, 10 жыл иштеген. Ошондой эле Кремль аны Кыргызстан Россиянын геосаясый орбитасынан чыгып кетип, моюн толгобосуна көз салып туруу үчүн кураторлук кылуу милдетин тапшырган.

2009-2010-жылдары Кыргызстандагы Бакиевдик режим Камбар-Ата-1 жана Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын куруу үчүн Россия өзү убада кылган $1,5 млрд  насыяны бербесине көзү жеткенден кийин америкалык авиабазаны Кыргызстандан чыгарбай, Кытай жана АКШ мамлекеттери менен өз алдынча саясый-экономикалык келишимдерди түзө баштайт. Тагыраак айтканда өз алдынча, Россиядан көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүп киришет. Россия Бакиевдерди жазалоо үчүн өздөрүнүн операцияларын бекитишет. Анын башына албетте мурунку тышкы чалгындын резиденти, кийинки бажы башчысы жана Кыргызстандын бейрасмий куратору Андрей Бельянинов дайындалат.

Андрей Бельянинов  Бакиевдик режимдин бажы башчылары Нурлан Акматов жана Кубанычбек Кулматов менен мамилесин дагы бекемдеп, кийин кыргыз ММКлары жазгандай 2010-жылы апрелдин башында Атамбаевге $2 млн бердирет. Андан башка маалыматтар ачыкка чыкпаган. Мамлекеттик төнкөрүштөн кийин Атамбаев менен Бельянинов ажырагыс досторго айланып, алтургай чоогу бизнес жасашкандыктары тууралу көп маалыматтар ММКларга жарыяланган. Тилизаарлар Атамбаев менен Бельянинов Кытай товарларын Евразия экономикалык биримдигине контрабандалык жол менен киргизип, бажы төлөмдөрүн төлөбөй миллиондогон долларларга маарып жатат деп айыпташкан. Мындай айыптарды Атамбаевге Өмүрбек Текебаев жана Бекболот Талгарбековдун “Элдик парламент” кыймылы  да тагышкан. Ал эми Алмаз Атамбаев мунун баарына көңүл бурбай досу Андрей Бельяниновго Кыргызстандын “Данакер” орденин берип, сыйлап келген.

2016-жылы Россиялык чекисттер чын эле Россиялык бир нече бизнесмендер менен бирге Бажы башчы Андрей Бельяниновду кытай товарларын, анын ичинде элиттүү алкоголь ичимдиктерин контрабанда жолу менен Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына ташыган деп ири суммадагы салыктарды жашырууга айыптаган. Бельянинов кызматынан алынган. Алтургай 2017-жылы июлда чекисттер Андрей Бельяниновдун үйүн тинтип,  10 млн рубль, $400 миң жана €300 миң акчаны алып конфискациялашкан. Кызыгы, Андрей Бельянинов ал акчаларды бут кийимдер салынчу картон коробкалардын ичинде эле сактаган.

Бирок 2017-жылдын аягында Путин эски досу Андрей Беляниновду аяп, кылмыш иштерин жаптырып, актап чыгарып жиберет. Алтургай Евразиялык экономикалык биримдиктин өнүктүрүү банкына төрага кылып дайындаганга жетишет. Ушул жерде кантип 2013-жылы Бишкектин мэри Иса Өмүркулов мыйзамсыз жер сатты деген коррупция беренеси боюнча кармалып, кызматынан кетип, бирок аягында Атамбаев эски досун аяп, кылмыш иштери  жабылып, акталып чыкканын эстебейсиң. Алтургай КСДПдан тизмеге кирип депутат болуп, лидерликке чейин көтөрүлдү.

Азыркы күндө Андрей Бельяниновдун Кыргызстандагы досторунун бир Кубанычбек Кулматов коррупция беренеси боюнча камалып, экинчиси досу Алмаз Атамбаев мамлекетти башкаруудан четтетилип, “үстүнө кара булут айланып” турган чагы. Ошондуктан мурункудай Атамбаев менен ири көлөмдөгү бизнес жасай албай, жаңы кыргыз бийлигинин короосуна таш ыргытып, канткенде досторумду куткарып калам деп ичинен кан өтүп жүрөт…

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: