Menu

“АКШдагы элчи Кадыр Токтогулов гей-клубдарга окшогон шектүү барларда эс алат, БУУдагы элчибиз Молдоисаева Сапар Исаковдун мурунку секретаршасы, Стамбулдагы консулубуз Сопоков шоопур Илмияновдун шоопуру…”

Бөлүшүү:

Кыргыз элчилери эл аралык аренада Кыргызстанды  кандай жүздө көрсөтүп келатышат? Кыргызстандын дипломатиялык мекемелеринин жалтыраган эшиктеринин артында эмнелер катылгандыгы жөнүндө…

“Төкөр өрдөктөр”- булар, мисалга алсак биздин көптөгөн чет элдердеги элчилерибиз. Алар башка мамлекетке кооз жашоонун артынан гана кетишет. Алар көптөгөн дипломатиялык кабыл алууларда эн кымбат коньяктардан бекерге ичип коюп жүрүшөт. Балдарын чет мамлекеттерде окутушат. Жубайларына болсо ай сайын казынадан жок дегенде миң евро жөн гана элчинин жубайы болгондугу үчүн төлөнөт. Алардын “ништяктары” көп, бирок алардын ишмердигинен өлкөгө  натыйжа жок…”

Биздин экспертибиз – юридикалык илимдердин доктору, дипломатиялык кызматтын кеңешчиси Кайрат Осмоналиев дал ушинтип эсептейт. Биз чет элдик мамилелер тууралуу расмий отчеттордон, жолугушуулардан гана өзүбүздүн оюбузда элестетебиз. Бирок биздин маектешибиз бизге такыр башка дипломатиялык дүйнөнү, болгондо да чет-буткагын гана ачып берди.

Кайрат Осмоналиев

-Сиз кандай ойлойсуз, бийлик алмашкандан кийин Кыргызстандын чет элдик саясатында өзгөрүүлөр болдубу?

-Болду. Казакстан менен бузулган мамилебиз оңолуп баштады. Мурунку бийликтин Азербайжан менен болгон катуу кагылышынан кийин ал жердеги биздин элчилигибиз аз жерден жабылып кала жаздаган. Азыр Сооронбай Жээнбеков бардыгын оңдоп келе жатат. Бирок Кытай менен мамилелерибиз азырынча анча жакшы эмес. Өлкө башчысы ал жактан бир аз маанайсыз кайтты.

-Чынындабы?

-Кытай тарап бизге жолдорду оңдоп түзөөгө берип жаткан 600млн юан грант биздин коңшуларга берилген инвестициялар менен салыштырганда кичине баштык эле болуп калат. Кытай тараптын “Бир жол – бир алкак” демилгесинин алкагында Казакстан, Өзбекстан, жада калса Таджикистан жалпы жонунан 8 млрд юань өлчөмүндөгү каражат алышкан. Бул биздин  Кытайдагы элчи Азамат Үсеновдун имердүүлүгүнүн, тагыраак айтканда иштебегендигинин натыйжасы деп ойлойм. Айта кетсек, ал Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы. Президент Кытайга барганда аны урушканын, ал эми ошол кездеги ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевге “Сен кытай тануучусуңго, биздин Кытай менен экономикалык долбоорлорубуз эмне үчүн жылбай жатат?  дегенин уккам.

Эрлан Абдылдаев айтканды жакшы көргөн “Экономикалык дипломатия” такыр иштеген жок. Чет мамлекеттердеги кайсы элчи Кыргызстанга бир сезилерлик  пайда алып келди? Абдылдаев жок дегенде бир мисал келтирип, мактансынчы. Жалпы жонунан тышкы саясатты президент өз колу менен аз болсо да оңдоду, бирок алтышкы  саясаттын аткаруучулары -” төкөр өрдөктөр.”

-Америкалыктар “төкөр өрдөк” деген шылдың термин менен кызматы бар, бирок мөөнөтү бүтүп бараткан, ошондуктан эч маселе чечпеген, кайра шайланууга мүмкүнчүлүгү жок саясатчыны аташат. Башка мааниси болсо – банкроткомпания. Бул сөздөрдү сиз кайсы мааниде айтып жатасыз?

-Эки маанисинде тең. “Төкөр өрдөктөр”- булар, мисалга алсак биздин көптөгөн чет элдеги элчилерибиз. Алар башка мамлекетке кооз жашоонун артынан гана кетишет. Алар көптөгөн дипломатиялык кабыл алууларда эң кымбат коньяктардан бекерге ичип коюп, жыргап жүрүшөт. Балдарын чет мамлекеттерде окутушат. Жубайларына болсо ай сайын казынадан жок дегенде миң евро жөн гана элчинин жубайы болгондугу үчүн төлөнөт. Алардын ништяктары көп, бирок алардан өлкөгө натыйжа жок. Бул “төкөр өрдөктөр” дипломатиялык кызматтан кетип, кайра кайтып келбеши керек. Аларды расмий түрдө БАНКРОТ деп жарыялоо керек. Алардын ордуна кесипкөйлөр келиши керек.

-Азыркы күндө Кыргызстандын сырткы саясатын кесипкөй эмес адамдар жүргүзүүдөбү?

-Негизинен бардык климатты ошолор түзүшөт. “Кадрлар баардыгын чечет” деген формуланы эч ким четке кага элек. Атамбаевдин убагында тышкы саясат өңгүл-дөңгүл секириктер менен, хаос түрүндө, эч ирээти жок жүргүзүлгөн. Алмазбек Шаршенович тышкы саясатты колунан келишинче жасаган, жана ал үчүн өзү ойлогондой анын сөзүн уккан, анын эркинен чыкпаган адамдар менен өзүн тегеректеп алган. Бирок ал адамдардын керектүү кесипкөйлүк өнөрү барбы жокпу, Атамбаев үчүн маанилүү эмес болчу.

Билесиңерби, мен ошол кездеги тышкы саясатты Атамбаевдики деп айтпайм.

Тышкы саясатта дагы көпкө эсте калуучу “салымды”  ошол кездеги президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн алмашкыс лидери Сапар Исаков кошкон.

-Сиз анын ролун ашырып айтпай элесизби?

Жок. Бул фронтто Сапар Исаков бардыгын чеччү – ким элчи болот, кимге эмнени айтуу керек, кайда катышуу керек, эмнеге кол коюу керек. Тышкы саясатты бүтүндөй бул Атамбаевге жагып калган жаш жигит өзүнө камтып алган.

Азыркы чет элдик мекемелердин жетекчилеринин көбүнчөсү – Сапар Исаков койгон адамдар. Мисалы, Кадыр Токтогулов – Кыргызстандын АКШдагы элчиси, Атамбаевдин мурунку басма сөз катчысы. Ооба, ал англис тилин жакшы билет – Американын Борбор Азиядагы Университетин аяктаган, бирок ал дипломатиялык кызматта бир күн дагы иштеп көргөн эмес.

Анын бул кызматка дайындалуусу бизди тан калтырган. Рина Прижовайт менен Замира Сыдыкованын артынан мындай маанилүү кызматка  бир гана журналисттик кесиби бар, өзүн жада калса пресскатчы катары дагы көрсөтө албаган жаш бала дайындалган.

-Кыргызстандын кызыкчыларын улуу державада көрсөткөн эр азамат эмне иш кылат? Бул тууралуу интернеттеги сүрөттөр боюнча билсе болот. Кадыр Токтогулов гей-клубдарга окшогон шектүү барларда эс алат, спирт ичимдиктерин активдүү ичет жана буларды көрсөткөн сүрөттөр интернетке жайылган. Элчи үчүн мындай иштер – акылга сыйбаган нерсе, жийиркенткен,  кадыр баркты кетирүүчү көрүнүш. Баса, Токтогуловдун командировкасынын мөөнөтү аяктаган, ал болсо мекенге кайтууга деги шашкан жери жок.

Кадыр Токтогулов.

Башка мисал, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн кызматына Миргүл Молдоисаеванын дайындалуусу. Буга чейин ал өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүн жетектеген, ага чейин болсо… Сапар Исаковдун секретаршасы болгон. Эми карайлы, мисалы, Орусияны БУУда кимдер көрсөтөт – Сергей Лавров, Виталий Чуркин, Василий Небензя – дипломатиянын чыныгы алптары! Миргүл Молдоисаеваны алар менен салыштырууга болобу? Мындай жогорку кызматка дасыккан, тажрыйбалуу элчилер шайланат.

Миргүл Молдоисаева.

Сиздер уксаныздар керек, дипломатияда “парашютчулар” деген түшүнүк бар. Алар өлкө башчыларынын достору, туугандары, жана башкалар, эч дипломатиялык тажрыйбасыз эле башка өлкөгө элчи болуп дайындалган адамдар.

Мейли, эгерде мындай кызматтарага артында чоң эмгектери бар адамдар дайындалса, мисалы Чынгыз Айтматовдой, анда кечиримдүү. Бирок чет жерге эч саясий салымы жок “парашютчулар” жиберилип жатканда… Ал өлкөлөр дагы тыянак чыгарышат да, Кыргызстандын пайдасына эмес.

-Кесипкөйлүктүн жоктугу тышкы саясатка кандай таасир берет?

-Кыргыз дипломатиясын Атамбаевдин учурунда Сапар Исаков башкарган кездеги мүчүлүштүктөрдү кыскача санап өтсө болот:

АКШ менен мамиленин начарлоосу

Балким, Американын аскердик базасын өлкөдөн чыгаруу улуттук көз карашта туура болчу, бирок анын ишке ашуусу эң начар болгон деп ойлойм. Жыйынтыгы – АКШ менен бардык багыттар боюнча мамилелердин токтогону. Карагыла, канча убакыттан бери АКШ бизге элчисин жөнөтпөй жатат.

Орусия менен мамиленин начарлоосу 

Биздин эң башкы стратегиялык өнөктөшүбүз менен болгон мамиле башынан эле ирээтсиз, хаос түрүндө, алдын ала максатсыз болуп келген.  Эстесеңер, өкмөт “Газпромдун” келгенин кандай жарыялады эле. Баса, анда Сапар Исаков “Газпром Кыргызстан” компаниясынын жетекчилер кеңешинин курамында болчу. Кээ бир ММК булактары анын ал жердеги маянасы 10 миң долларды түзөт деп жазган. Андан кийин, чыр чатактуу “Русгидро” менен токтотулган келишим. Анда Атамбаев орустарды  шылдыңдоого чейин барган, бул Орусия Кыргызстандын карыздарынын баарын кечиргенден кийин кылган иши.

-Сапар Исаковдун келишимдин үзүлүшүнө тиешеси бар деп ойлойсузбу?

-Сапар Исаковдун бардык экономикалык долбоорлорго тиешеси бар. Эстесеңиз, Чехиялык “Лигласс” менен болгон авантюранын башында ким турган эле? Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы – Сапар Исаков. Ал аз жерден “Манас” аэропортун түрктөргө чейрек кылымга ижарага бере жаздаганын бардык маалымат булактары жазып чыккан.

Казакстан менен мамиленин начарлашы

Жыйынтык – Кыргызстандын экономикасы чоң чыгымдарга учурады. Казакстандагы кыргыз ишкерлеринин иши токтоду. ЕАЭБдин ичинде адаптация алууга берилгени жаткан 100 млн доллар кимге тоскоол болот эле? Мамиленин начарлашынын туу чокусу 2017-жылга туура келди. Казакстанда Кыргызстандын элчиси эки жылдан бери дайындабай келген.

Бардыгы болсо Атамбаев Назарбаевге айткан шылдыңдоосу менен аяктады.

-Кандай ойлойсуз, Атамбаевдин бул иштери импровизациябы же ага дагы Сапар Исаковдун тиешеси бар беле?

-Мен ойлойм, Атамбаевдин айткан сөздөрүнүн артында Исаковдун көз карашы жатат. Ал Атамбаевге бардыгын сүрөттөп берип турган, а президент болсо бардыгын эмоция менен кабыл алган.

Евро биримдик менен мамилелердин бара-бара начарлашы.

Сыртынан баары жакшы эле көрүнөт, эч ким бирөөнү шылдыңдабай, эшикти катуу жаап чыгып кетпей эле. Бирок кызматташуу төмөндөдү. Өнугүү жок. ЕБ каржылаган долбоорлор азаюууда. Айта кетсек, бул багыт боюнча иш алып барууга жоопту Нурлан Абдрахманов АНГЛИС ТИЛИН БИЛБЕЙТ, ал болсо ЕБдин расмий тили да. Документтердин баары ошол тилде жазылат.

Аны менен бирге Евро Биримдик менен кызматташуунун векторун күчөтүүчү концепция дээрлик 2006-жылдан бери жаныланган эмес. Ал болсо өлкөнүн тышкы саясатын аныктоочу башкы документ да.

 Азербайжан менен мамиленин начарлашы.

Эрлан Абдылдаев 2016-жылы Ислам  Шериктештиги Уюмунун “Армениянын Карабахтын аймагындагы маданий эстеликтерди талкалоосун токтотуу” боюнча резолюциясына кол койбой койгон. Бул кадам Азербайжанга дагы, уюмдун башка мүчөлөрүнө дагы абдан жаккан эмес. Буга чейин ал тарап биздин элчиликке жаны имарат куруп, Кыргызстанга көп миллиондук грант бөлүп берүүнү көздөп жатса, бул иштен кийин алардын баары токтотулган.

Кыргыз тарап ага жооп катары Бакудагы элчи Айжигит Бурановду чакырып алган. Ал жигит МГИМОну аяктаган, ТИМде андай адистер чанда гана.

-Кыргызстан менен Армения ЕАЭБ менен ЖККУ да шериктеш го, балким Кыргыз тараптын жасаган ишинде логика болгон, ал шериктеши менен Азербайжандын ортосунда тандоо туура эмес деп ойлогон чыгаар? 

Ал резолюцияга кошулуудан биздин өлкө эч нерсесин жоготмок эмес. Ал резолюция БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына окшош болчу. Ошол эле Абдылдаев ал резоюцияга эч күмөнсүз кол койгон. Бул кадамдан соң Кыргызстан эл аралык чечимдерди өзү кабыл алганды билбегенин көрсөткөн.

Бул биринчиден.

Экинчиден биз Армения менен эч кандай экономикалык мамиледе турбайбыз.

Эми эң кызыктуусу,  ЕБ, АКШ , Азербайжан менен мамилелер начарлап турган учурда бул багытта иш алып барууга жооптуу кызматты Канат Турсункулов ээлеп турган. Ал өзү дагы чоң чыр чатактын айынан атактуу болгон. 2008-жылы  укук коргоочулар “Манас” аэропортунан контрабандалык жүк кармашкан. 12миң даана тамеки, салмагы 270 килограмм болгон. Ал ТИМдин  почтасына катталган. Жөнөтүүчү болуп тышкы Иштер Министрлиги чыккан. Алуучу  Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги экени аныкталган. Бул эсеби боюнча  алтынчы же жетинчи контрабандалык операция экендиги аныкталган. Лондодо тамеки бизге караганда 5-6 эсе жогору баалангандыктан, ал аны сатууга ТИМдин почтасы аркылуу жөнөтүп турчу экен.

2010-жылы Канат Турсункулов бул кылмышка катышы бар деп УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ал учурда ал дал ошол Лондондогу элчиликти  жетектеп турган.

Эң кызыгы, 2010-жылдын 7-апрелинде аталган кылмыш иши боюнча документтер Башкы прокуратуранын ичинен өрттөнүп кеткен.

Бул иште тергөөчү ким болгонун билесиңерби? Азыр 100миң доллар пара алгандыгы үчүн камакта отурган Кылычбек Арпачиев! Андан соң кылмыш иши кандайдыр себептерден улам токтотулуп, Эрлан Абдылдаев Турсункуловду кайрадан ТИМге жумушка алган.

Азыр Канат Турсункулов КРнын ТИМдин Орусия, Кытай, Борбор Азия өлкөлөрү менен алака түзүү боюнча кызматын жетектейт. Анын кесипкөйлүгү жок экендигине мисал, үстүбүздөгү жылдын июл айында Борбор Азия мамлекеттеринин  Тышкы иштер министрликтеринен келген адамдар менен Ысык-Көлдөгү жолугуусу. 21-июлда жолугушуунун катышуучулары Эрлан Абдылдаевдин туулган күнүн белгилешкен.  Кызыгы, жолугушуунун протоколунда чет элдик ведомстволордун жетекчилери менен президенттин жолугушуусу каралган эмес. А Сооронбай Жээнбеков алар менен мамиле түзүү өлкөгө өтө маанилүү экендигин айтып келе жатпайбы.

-Дипломаттардын башкы милдети – чет жактагы биздин жарандардын укуктарын коргоо. Бул жагдай менен иштер кандай? 

-Бир мисал. Кытайдын Үрүмчү шаарындагы биздин жаран иштеп жүрүп визасын мөөнөтүнөн өткөрүп алган. Камакка алынып, жаман шарттарда депортация маселеси чечилгиче бир жыл абакта отурган, ден соолугунан айрылган. Ага кытайлар “Сен кыргызсыңбы? Анда бул суроо жакында чечилбейт”- деп айткандыгы аныкталган. Үрүмчүдө болсо кыргыз консулу бар го!

Өзүмдүн мисалымды келтирейин. Мен Шанхай университетинде штаттык эмес профессор болуп иштейм. Бул окуу жайда ШКУ кабыл алган меморандумдун алкагында көптөгөн кыргыз күч структураларынын кызматкерлери окуп кеткен. Ал эми Кыргызстанга университеттен делегация келерде кыргыз тарап эч түшүндүрүүсүз виза берүүдөн баш таркан. Мен бул тууралуу кыргыз элчисинен себебин сураганда ал “Кытай тарап биздин жарандарга деле виза бербей жатпайбы, ошондуктан мен ушундай чечим кабыл алдым”- деп жооп берген. Элдик кек куугуч табылган тура! Кытай тараптан бизнесмендер Кыргызстанга ондоп келип атышат. Эмне үчүн биз билебиз… Ал эми Кытайдын мамлекеттик окуу жайларынын кызматкерлери ушундай “кек куугандардын” жабырлануучулары болот, анткени акча беришпейт.

-Сиздин оюңуюзча кесипкөй эмес кыргыз дипломаттарын айтып бере аласызбы? 

-Албетте. Жогоруда айтылгандарга кошумча, Эркин Сопоков – Кыргызстандын Стамбулдагы генералдык консулу. Буга чейин ал ТИМ ситемасында бир күн дагы иштеп көргөн эмес, ал “Ала-Арча” резиденциясын жетектеп турган, муфтияттын каржы бөлүмүндө, Мамлекеттиик салык кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. “Шоопурдун шоопуру” – деген ат менен белгилүү, учурунда атактуу Икрам Илмияновдун кол алдында кызмат өтөгөн. Ошол эле  консулдукта Алима Океева кызмат өтөгөн. Ал белгилүү режиссердун кызы болуп, Эрлан Абдылдаев менен бир короодо чоңойгону белгилүү. Ал чоң чыр чатакты жараткан. Атасынын уруксааты жок, чет мамлекетке энеси алып кетип бараткан балага документке кол коюп берген. Бул иште өтө оор схема болуп, Окееваны кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөп жатышкан, бирок азыр ал Астанадагы кыргыз элчилигинде ийгиликтүү иштеп келет.

Эркин Сопоков.

Кыргызстандын Екатеринбургдагы генералдык консулу Бообек Салимжанов ТИМ системасына мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү баскычынан келген.

Сапар Исаков дайындаган апрель окуясынын баатыры,  мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Алиясбек Алымкулов КРдин Алматыдагы  генералдык консулу. Түштүк Кореядагы мурунку элчи Кылычбек Султанов “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов – ырчы.

Кылычбек Султанов.

Канат Турсункулов.

Азамат Усенов.

Дагы көп мисалдарды айтса болот. Жогорудагы айтылган Кыргызстандын Кытайдагы элчиси- мурунку мэр Албек Ибраимовдун куйөө баласы Азамат Үсөновдой эле, Кыргызстандын ШКУнун Кыргызстандагы генералдык катчысынын орун басары Айзада Субакожоева – төмөн кызматтарда иштеп жүрүп, Сапар Исаков аркылуу аталган орундарына дайындалган.

Эки дипломаттын тең Бишкектин ЖЭБи боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимге түздөн-түз тиешеси бар. Мага белгилүү болгондой, Үсенов ТВЕА менен Исаковдун атынан бардык сүйлүшүүлөрдү жүргүзгөн. Аталган келишим эмнеге алып келгенин бардыгыбыз билебиз.

Азыр Исаков ЖЭБ иши боюнча камакта, ал эми аткаруучу Эрлан Абдылдаев жөн гана күбө катары сурак берген. Бул өтө кызык.

-Сиз сүрөттөп берген жагдайда Эрлан Абдылдаевдин ролу түшүнүксүз экени абдан кызык, ал министр эле да, тышкы саясатка жооп берген..

-Ооба, ал министр катары өзүнүн алсыздыгын, эрксиздигин, принциби жоктугун көргөздү.

Сапар Исаков и Эрлан Абдылдаев.

Эске салсак, Эрлан Абдылдаев Тышкы Иштер министринин кызматынан 15-октябрда өз каалосу менен кеткен. Анын ордуна Чынгыз Айдарбеков дайындалган.

Тышкы саясаттын кемчиликтерине Өзбекстан, Азербайжан, Индия, Малайзия, Афганистан аттуу маанилүү өлкөлөрдө элчилердин жоктугу дагы кошулат.

Мен ойлойм, жакында  кадрдык тазалоолор ТИМге дагы жетет, биз ошондо көп жаңы нерселерди билебиз…деп жыйынтыктады кайрат Осмоналиев

Булак: Дело№

Кыргызчалаган: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: