Menu

Бекен Назаралиев: Илмиянов камалса да, анын кадрлары Ж.Разаков, Г.Кудайбердиева, Ө.Жамшитов, А.Мадумаров, С.Бөрүбаев, А.Жумабаев, Н.Набиев, А.Калмурзаев ж.б. иштеп жүрүшпөйбү?

Бөлүшүү:

Уландысы. Башталышы 23-октябрда жарыяланган.

-Ачыкка чыкпаганы менен саясый кырдаал быкшып тургансыйт. Күзүндө Сооронбай Жээнбековго каршы акциялар, пикет, митингдер башталат деген сөздөр байма-бай айтыла башталды. Муну ким уюштурушу мүмкүн…

— Ким уюштурмак эле, баягы эле ызакор, журт бузар Атамбаев да. Өз элин тоноп, уурдап алган акчасы батпай жаткан го. Биздин чалажан экономикабызга дагы бир төңкөрүштүн кереги жок. Мамлекетибиз андай оор жүктү, дагы бир мамлекеттик төңкөрүштү көтөрө албайт. Анда мамлекетибизди жок кылып алабыз. Атамбаев акылына келип, Акаев, Бакиевдей болуп өлкөдөн куулуп кете элегинде тынч жашаса. Ал “уурдаган” акчасы менен төңкөрүш кылам дегени акылсыз адамдын сөзү. Экономикабыздын абалы бул, мындай нерсени кыргыз элинин душманы же акыл сезими жайында эмес, оорукчан гана адам жасашы мүмкүн. Атамбаев тынч жатпай дагы бир төңкөрүштү жасайм десе элдин каргышына калат.

Бүгүн Кыргызстанда өнүгүү, өсүү болуш үчүн тынчтык, стабилдүүлүк керек. Президент болуп турганда Атамбаев кабыл албай, кечээ эле “ууру” деген Равшан Жээнбековго окшогон саясатчыларды бирден чакырып алардын “тамырын” кармап жаткан кези. Алмаз Шаршенович, эски досу Жээнбеков капысынан бир жеринен жаңылып, экономикалык өсүш болбосо, саясатта мүдүрүлүп калса экен деп Кудайдан тилеп отурган чагы. Экс-президент Атамбаев, Жээнбековду анын айтканын эки кылбаган жер көз, жетелеме президент болот деп ойлогон эле. Президент Жээнбеков Атамбаев күткөндөй болгон жок. Сооронбай Жээнбеков сыртынан жоош көрүнгөнү менен чечкиндүү экенин кыска убакытта көрсөтө алды.

— Экс-президент Атамбаев досу Жээнбековго болгон ичкүптүсүн элдин толкуну аркылуу чыгарууну кааласа максаты ишке ашабы?

— Атамбаев өлкөнү карызга батырып коюп, Кой-Таштагы хан сарайында тынч жатпай Сооронбай досунан өч алуунун пландарын түзүп, кекенип отурган кези. Карыз деген мамлекеттин эгемендүүлүгүн жок кылат. Кытайдан алган карыз акчаларды төлөө мөөнөтү көз ачып жумганча эле келип калат. Кантип төлөйбүз деген суроо ар бир кыргыз баласынын жүрөгүн өйүп келет. Кытай деген Россиядай болуп карызды кечип жибере турган мамлекет эмес. Карызга алган акчаларды убагында төлөй албай калган биздин коңшу Тажикстандын бийлиги, азыркы күндө айла жоктон кен-байлыктары жаткан жерлерин берүүгө аргасыз болушууда. Атамбаев президент болуп турган учурда Кытайдан алган карыз акчаларын убагында төлөөгө биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок.

Атамбаевди тынч уктатпай жаткан нерсе, Бишкек ЖЭБиндеги уурдалган өтө чоң суммадагы ачкалар болуп жатат окшойт. Керек болсо Атамбаевдин эң жакын адамдары мурунку эки премьер-министр Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкек шаарынын мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов ж. б. камаганга буйрук берүүгө Сооронбай Жээнбековдун духу жетпейт деп ойлошкон эле. Жалгыз эле ТЭЦтен 200 млн доллар акча уурдалган деген маалыматтар азырынча айтылып жатат. Ал эми “Датка-Кемин”, түштүк менен Бишкекти байланыштыра турган альтернативалык авто жолу, Чолпон-Атадагы ат майданы, Улуттук тарых музейи ж.б чоң курулуштарында уурдалган акчалар дагы тыкыр текшерилип жарыкка чыкканы турат. Ошондо Атамбаев жана анын командасынын былыктары жарыкка чыгат. Мындай өтө чоң суммадагы акчаларды уурдоого республиканын баштагы жетекчиси аралашмайын уурдоо мүмкүн эмес эле. Колу туткак атка минерлер батына алышмак эмес. Мен уккан маалыматтарга таянсам жакында ачыкка чыгат го деген ойдомун. Атамбаев ошол маалыматтын элге чыкканынан коркуп жатат.

— Атамбаев өзү элине ак кызмат кылып, бийликти өткөрүп бергенден кийин эмнеден коркмок эле?

— Балекеттин баары ТЭЦтеги өтө чоң суммадагы акчанын уурдалышында болуп жатат. Ал жерде муруңку өлкө башчысы Алмаз Шаршеновичтин өтө чоң суммадагы акчаны уурдоого катыштыгы болсо, анда Атамбаевдин абалы абдан оор болот. Эл арасындагы айтылып жүргөн сөздөр далилденип, ачыкка чыкса Атамбаевдин колуна кишен салынып, Сапар Исаков, Албек Ибраимовдордун жанындагы камерага отуруп калышы мүмкүн деген сөздөр айтылууда.

— Эгер, Сооронбай Жээнбеков досу Атамбаевди аяп камай албай койсочу? Анда эмне болот?..

— Президент катары Сооронбай Жээнбековдун камоого кудурети жетет деп ойлойм. “Коррупцияга катыштыгы болсо жакын досум экенине да карабай, камайм!”- деп айткан сөзүн элибиз да унута элек. Бирок, ТЭЦте уурдалган акчаларга Алмаз Атамбаевдин катыштыгы болсо, эгер досум эле деп Атамбаевди аяп, камабай койсо, анда кыргыз элинин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун өзүнө айта турган сөзү бар. Жээнбеков мындай учурда кыргыз элин же Атамбаевдин тагдырын таразага салып экөөнүн бирөөсүн тандашы керек.

— Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн досу Алмаз Атамбаевди камата алабы? Анткени экс-президент катары анын кол тийбестиги бар да…

— Каматууга кайраты жетет, кыргыз эли да ошону президент Жээнбековдон талап кылат. Эгер Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы эски достугу ойноп кетип, экс-президентке коюлган күнөөлөр далил болуп, Алмаз Атамбаевди президент Жээнбеков каматпай койсо, анда баатыр кыргыз эли Ала-Тоо аянтына чыгып, президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнө проблема жаратат. Анда, эл көчөгө чыгып “Жээнбеков кетсин!” деп талап кыла башташат. Президент Сооронбай Жээнбеков тандай турган бир гана жолу бар. Атамбаевдин уурулугу далилденип, мамлекеттик казынага кол салып, миллиондогон долларды уурдаганы чын болсо азыркы президент мыйзамдуу кадамга барууга аргасыз болот. Кыргыз эли да ошону катуу талап кылат. Ал эми Атамбаевдин уурулугу далилденсе парламент кол тийбестикти алып салуу кемпир шабдалы жегенче иш деп ойлойм.

— Атамбаев ТЭЦтеги миллиондогон долларлар далилденгенче элди көчөгө алып чыгып азыркы бийликти аңтарып жибербейби? Анткени, экс-президент Атамбаевде байлык көп эмеспи…

— Атамбаевде азыр уйку жок. Азыр да кан ичкич жаныбардай кан көксөп турган кези. Атамбаев өзүнүн тар чөйрөсүндөгү адамдарына “Жээнбеков мени сатып кетти, менин ким экенимди ага көрсөтөм. Кимиң президент болсоң, ошонуң бол. Каражатты мен табам… Кызматтан өзүм кетирем!”-деп тиштенип отурат деп биз деле угуп жатабыз. Учуру келгенде, Атамбаевге кыргыз эли, тарыхый кырдаал боюнча өз баасын сөзсүз берет. Жараан катары мен дагы өз пикиримди айта кетейин. Атамбаевди карап турсаң тормузу жок, эл толтура жүргүнчүлөр отурган автобусту айдап бараткан мас айдоочуга окшош. Балекеттин баары биздин маңыроо кыргыз элибизде жатат. Алар “Кыргызстан” деген мамлекетти алты жылга мас айдоочуга башкарууга уруксат беришкен эмес беле.

— Атамбаев жаштар өссүн деп Сапар Исаковду премьер-министрликке чейин көтөрдү. Эми гана Сапар Исаковдун көптөгөн ызы-чууларга аралашканы билинип турат.

— Мындай жооптуу кызматка Сапар Исаковдун тажрыйбасы жок экенине карабастан Атамбаевдин бийликке алып келген арам оюн эми гана билип отурабыз. Бийлик алмашканга жакын эле Сапар Исаков Максим Бакиевдин көлөкөсүндө эле жүргөн адам эле. Кеп башкада тура. Максим Бакиевдин финансалык пирамидасындагы арам жолдорун жакшы билгени үчүн Атамбаев аны жанына тартканы ачыкка чыгып отурат. Бишкекте мамлекеттик төңкөрүш болгон түнү Сапар Исаков Максим Бакиев менен АКШда чогуу жүргөн эле. Биздин гезитке Базарбай Мамбетовдун маеги жарык көрдү. (“Жаңы Ордо” № 30 (603) 5-октябрь 2018-жыл) Мамбетов “Максим Бакиев 2009-жылы Кытайга барганда “Датка”, “Кемин” подстанциялары, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны курууга 190 млн долларга сүйлөшсө, Атамбаев 389 млн доллар кылып баалады,” – деп маек берип жатып Атамбаевдин абийирин ачып жатат. Кечээ эле “Максим Бакиев элдин ырыскысын уурдаган!”- деп жүргөн Алмаз Атамбаев өзү уурулугу андан ашкан Сапар Исаковду эң жогорку бийликке алып келип отурат. “Эл айтса, калп айтпайт”- деген кыргыздын укмуш сөзү бар.

— Бакиев өзү деле Атамбаевди премьер-министр кызматына алып келбеди беле.

— Бир районго аким болбогон, облуска губернатор болуп эл башкарып көрбөгөн Атамбаевди, ошол кездеги оппозициянын оозун басыш үчүн президент Курманбек Бакиев чоң бийликке алып келүүгө аргасыз болгон. Ошол кадамы өзүнүн башына муш болду. Жакында Курманбек Бакиев президенттик тактыдан кеткен соң жазган китеби колума тийип калды. Ал китеп, 2015-жылы чыккан экен. Бакиевдин “Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм-Кыргызстаным” аттуу китебин окуп чыктым. (ООО “Вайз Медиа” Москва, ул Верхняя, д. 34) Бакиев бул китебинде экономикалык, саясый, социалдык маселелерге өз оюн айтып, кенен-кесири чечмелеп бериптир.

— Бакиев өзүнүн бийлигин тартып алган Атамбаев туурасында да жазып кетсе керек.

— Албетте. Эми, Алмаз Атамбаев туурасында мындай деп жазган жерлери бар экен. “Кадрдык дайындоолор боюнча кетирген эң жогорку деңгээлдеги олуттуу жаңылыштыгым, —2007-жылы Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын премьер-министри кылып дайындоо болду.

Бул адам дегеле жетекчи болуп иштегенге жөндөмсүз эле. Бул анын азыркы кезде Кыргызстандын президенти катары беш жылдан берки башкаруусунун жыйынтыгынан дагы ачык көрүнүп келе жатат…” – деп жазып келип, андан ары сөзүн мындайча улайт: “Бирок, бир жолу мени өз өмүрүмдөгү эң чоң жаңылыштыкты жасап, өлкө жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү максат кылбай эле, тек гана жогорку кызматка иштеп жетүүнү көксөгөн адамды кызматка алганмын, ал- Алмаз Атамбаев болчу…” – деп жазган.

Экс-президент Курманбек Бакиев, Алмаз Атамбаевди бийликке алып келгенин өкүнүү менен жазганынын себеби да бар. Ушул жерден бир нерсеге токтоло кетейин деп чечтим. Төңкөрүштөн кийин Бакиев Белоруссиядан башпаанек алып, үй-бүлөөсү менен Минск шаарында жашап калды. Мен журналист катары Курманбек Бакиевден кенен маек алып келип, “Жаңы Ордо” гезитине сандан-санга чыгардым. Экс-президент Бакиев менен болгон маегим окурман журтунда кызыгууну жаратты. Гезит чыккандын эртеси эле, ыраматылык Мелис Эшимканов телефон чалып, “Бекен дос, маегиңди окудум, Бакиевге барарыңды айтсаң бир-эки суроо кошуп коймок экенмин,”-деди. Көрсө, Мелис Эшимканов да жакында төңкөрүш болорун Бакиевге айткан экен. Андан соң эле, Бакиевдин убагында кыска убакытка премьер-министр болгон Азим Исабеков дагы телефон чалып, редакциянын жанында жолугуп, көпкө сүйлөштүк.

— Эгер жашыруун сыр болбосо, эмнелерди сүйлөштүңөр эле?

— Экс-премьер-министр Азим Исабеков да биздин Акман айылына күйөө бала. Азим Исабеков сүйлөшүп отурганда, “Мени, бир күнү Курманбек Салиевич кабинетине чакырып калды. Азим, оппозиция биздин бийликти иштетпей койду. Мен оппозициянын өкүлдөрү менен жолуктум. Сен менин кадрымсың, сени көчөгө калтырбайм. Жумуш берем. Оппозиция сенин ордуңду сурап жатат, мен өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап калыш үчүн алардын айтканын аткарууга аргасыз болдум… Ушуга кандай карайсың?” – деп айтты.

Мен президентке карап туруп, “Курманбек Салиевич, бул кызматты кимге бере турганыңызды билсем болобу?” – деп өзүнө суроо салдым. Бакиев болсо “Оппозиция премьер-министрликти Алмаз Атамбаевге берүүнү талап кылып жатышат. Мен өлкөдөгү стабилдүүлүктү сакташ үчүн алардын айткан талабына макулдугумду бердим…”- деди. Андан мен, “Курманбек Салиевич, Алмаз Атамбаевге бул өтө жооптуу кызматты туура эмес берип жатыпсыз. Анткени, Алмаз өтө коркунучтуу, опурталдуу адам. Бүгүн премьер-министрликти алып жатса, эртең сиздин отурган креслоңузду тартып алууга кызыгат. Алмаз эч качан жигитче иш кылбаган адам. Ал артыңдан бычак урат. Алмаз экөөбүз бир айылдан болобуз, аны муштумдай кезинен бери билем. Атамбаевдин чоң аталары биздин айылга башка жактан келгин болуп келишкен экен. Менин чоң аталарым аларга жардам берип, адам кылып бутуна тургузгандыктан бизди таеке деп чоңоюшкан. Мен Алмазды кичине кезинен бери жакшы билем. Сиз тараптан туура эмес кадам болду. Курманбек Салиевич кийин өкүнөсүз, бирок анда кеч болуп калат…” – деп айттым да арызымды президенттин атына жазып берип басып кеттим.

 Курманбек Бакиев менен Атамбаев кандай иштешти? Исабековдун сөзү туура чыктыбы?

— Кийин Азим Исабеков айткандай болуптур. Көпүрө болом деген Алмаз Атамбаев оппозицияны кандай сатса, Курманбек Бакиевди да ошондой сатыптыр. Исабеков айткандай Бакиевдин президенттигин тартып алганын элибиз билет да.

— Президент Бакиев премьер-министр Алмаз Атамбаев кандай иштешкенин китебинде жазыптырбы?

— Ооба. Бакиев оппозициянын айткан талабын угуп, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн Алмаз Атамбаевге бул чоң кызматты берген эле. Канча жолу Бакиев, президенттик администрациянын аппарат башчысы Медет Садыркуловду Атамбаевге жөнөтсө ал отурган ордунда жок болуп калчу экен. Кийин Атамбаев түш чендерде эле мас болуп алып, иштей албай үйүнө кетип калчу экен. Мен Курманбек Салиевичтен Минск шаарында маек алганымда да ушул туурасында айтып берген эле. Бир жолу, Атамбаевге жолуккандан тажаган Медет Чоканович, “Курманбек Салиевич, мени Атамбаевге жөнөтпөй эле коюңузчу? Барсам эле арак ичеличи деп кыйнай берет,” – деп ачыгын айтууга аргасыз болгон. Бакиев өзүнүн коопсуздук кызматы аркылуу текшертип көрсө Садыркуловдун айткандары туура болуп чыккан.

— Атамбаевдин иш убактысында мас болуп жүргөнү боюнча көп сөздөр айтылып жүрөт. Аны кантип далилдей аласыздар?

— Бакиев өзүнүн жазган китебинде Атамбаевдин көп ичкени боюнча мына буларды жазыптыр, “Ал КР премьер-министр болуп 7 ай иштеди. Анын бул кызматка иштеген учуру эсте калган адамдардын баарында тең бул адамдан абдан жаман таасир гана калды. Бери эле болгондо тартиптен баштаганда деле, ал жумушка өз учурунда келбей, каалаганда кетип калып жүрдү. Ошол эле учурда өзү иштеген кабинетинде эле арак ичип алууну көндүм адатка айландырып алды. Ыраматылык Медет Садыркулов, ал кезде президент администрациясынын жетекчиси болчу, мындай эч алдын ала болжоп айтууга мүмкүн болбогон адам жана жетекчи, премьер-министр менен кантип иштешти билбей, айласы куруду. Анан мага мамлекеттик иштерди талкуулаш үчүн, Атамбаевди соо кезинде кармай албай жаткандыгын ачык айтты.

Мына, эми тагдырдын тамашасынан уламбы, же чындыкка жакыныраагы, шылуун интригалардын натыйжасында бул киши мындан беш жыл мурда биздин өлкөнүн башчысы болуп калды. Жогорку рангадагы мындай жетекчинин саясатынын жана чарбалык ишмердигинин маңызы бир гана коррупция, иритүү жана мурда жетишпеген ийгиликтерди жок кылуу гана болушу мүмкүн. Анан калса бул кишиден андан башка дагы эмнени күтүүгө болмок?”– мына ушул сөздөр Бакиевдин китебинде шурудай тизилип турат.

— Атамбаев Жалал-Абадга барганда Бакиевдин жакын адамдары аны ууландырып койгон деген сөздөр тарады эле. Ошол айтылган сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

— Эми, Атамбаев ууланган учурда жанында болгон эмесмин. Бирок, өтө далилдүү фактыларым бар. Атамбаев Жалал-Абадда эч ким аны атайын ууландырган эмес. Атамбаев аракты көп ичип алып “ууланбай” эле шымын булгап койгонун ошол кезде коштоп барган Азимбек Бекназаров менен Жусупбек Жээнбековдун өз ооздорунан укканмын. Мага ишенбесеңер алардан сурап алсаңыздар болот. Уу ичирип койсо Атамбаев тирүү калмак беле?

— Анда Атамбаевди жалпы кыргыз элине калп айтууга эмне түрткү берди экен?

— Биздин Акман айылына мас болуп барганын менин жердештерим айтып беришкен. Атамбаев мас болуп алып, басалбай калганда жан сакчылары көтөрүп трибунага алып чыгышкан экен. Ал жерде эч кандай ууландыруу болгон эмес. Атамбаевди Бакиевдердин адамдары эмес эле өзү аракты көп ичип алып, шайлоочулар менен жолуга албай тапкан амалы болсо керек.

— Акыркы убактарда биздин республикадагы кадрдык өзгөрүүлөргө кандай карайсыз?

— Атамбаев мас болуп жүрүп резиденцияда башын көтөрө албай калган кезде, өлкөнү ушул Илмиянов, Фарид Ниязовдор эле башкарып келген. Азыр деле “шопур” качып жүрсө деле анын кадрларынын көбү өлкөнүн бардык тармактарында иштеп келүүдө. Мисалы, Икрам Илмияновдун кадрлары болуп эсептелген адамдар: Жеңиш Разаков — ​вице-премьер-министр, Гүлмира Кудайбердиева — ​Билим берүү жана илим министри, Өткүрбек Жамшитов – республикабыздын Башкы прокурору, Абиш Калмурзаев – Баткен областынын губернатору, Абдурахманов Алишер- Баткен областынын губернаторунун орун басары, Набиев Нуркамал – КРнын Аскер прокурору, Абдуназаров Рахманберди – Сүлүктү шаарынын мэри, Эшанкулов Жамалидин – Баткен областы боюнча Мамэкотехникалык инспекциясынын жетекчиси, Бөрүбаев Самат – КРнын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин стат-катчысы, Мадумаров Акрам – КРнын кадр кызматынын директору. Жумабаев Абдулатип – Сауд Аравиясы, Египет, ЮАРдагы элчиси, ж. б. айта берсе болот. Шопурдун кадрларын эсептеп отурса дагы бир канчага жетмек.

— Ал эми Токон Мамытовдун кызматка келиши боюнча эмне дейсиз?

— Өкмөттүн көпчүлүк кадрларына ичим чыкпайт. Кадр түгөнүп калгансып Токтокүчүк Мамытовду эле ары-бери сүйрөшөт, түшүнө албай койдум. Аны кайсыл гана кызматтарга алып барышкан жок. Ал тургай бир жылда үч кызмат ордуна коюшту. Эмнени өзгөртүп, кай жерди гүлдөтүп жиберди биле албадым. Ушул кадрдык жүрүш президент Жээнбековго кадр-барк алып келген жок. Республиканын башкы прокурору деле “шопур” Илмияновдун тарбиялап өстүргөн кадры экени белгилүү. Ошон үчүн Жогорку Кеңештин жыйынында элементардык нерселерге жооп бере албай жатат. Коопсуздук кызматынын башчысын да депутаттар жөнөкөй эле суроолор менен чайнап коюп жатышат. Быша элек кадрлардын келип калып жатканы албетте өкүндүрөт. Т. Мамытовдун азыркы кызматы Турсунбек Акунга ылайыктуу болчу. Азыркы күндө шаардык бийликти, шаардык кеңешти олигархтар жана алардын аялдары, балдар-кыздары толугу менен ээлеп алышты. Алар шаардын, шаар калкынын проблемасын чечүү үчүн эмес, ошол жерден эмнени жулуп кетейин дегендер келип отурат. Азыр деле Атамбаев, Илмиянов, Ниязовдун кадрлары, ошондой эле фракция башчылары, ЖКнын депутаттары кызматтарда отурушат. Азыркы өлкө башчысы тезинен Атамбаевдин кадрларынан кутулушу керек. Бүгүнкү бийлик өзүнө ылайыктуу жер көз кадрларды эмес, эл үчүн билек түрүнө иштеп бере турган күчтүү кадрларды көтөрүшү керек го деп ойлойм. Жээнбеков өз кадрларын эми коё баштады. Бирок, арадан бир жылга жакын убакыт өтүп кетти. Сооронбай Жээнбеков ылымык, эт менен челдин ортосундагы кадрларга эмес, өз пикирин айта ала турган күчтүү инсандарга таянса болмок эле.

— Бүгүнкү күндө сизди түйшөлткөн маселе?

— Бул кадр маселеси. “Кадрлар баарын чечет!”-деген Сталиндин атактуу сөзү бар. Иш жүзүндө кыргыз саясатчыларынын арасынан чоң саясатта жыйырма жети жылдай жүрсө да, Абдыганы Эркебаев менен Адахан Мадумаров экөөнүн менчик камоктору, мамлекеттен менчиктеп алган эч нерселери жок таза инсандар. Бир да бийликке сын айта албаган Т. Мамытовго жумуш табылып, Абдыганы Эркебаевге жумуш табылбай калабы. Эркебаев деле күндө туула берчү адам эмес. Күчкө, акылга толуп турганда иштетип калалы. Табиятынан таза инсандардан кыргыз эли эч нерсе уттурбайт деле. Учурунда Абсамат Масалиев “Адахан Мадумаровдун кыргыз элине иштеп бере турган учуру өтүп баратат” деген эле. Биздин республикада жан дүйнөсү таза, мамлекеттин казынасына кол салбаган кадрлар аз. Ошолордун сап башында Темир Сариев, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Субаналиев, Аликбек Жекшенкулов, Улукбек Кочкоров ж. б. деп айтат элем. Президентибиз колу, жүрөгү таза, кыргыз эли деп күйгөн адамдарды жанына тартса дурус болмок. Белгилүү окумуштуулар Сулайман Кайыпов, Кадырали Коңкобаевдер чет мамлекеттерде иштеп жаткандыгы өкүндүрөт. Биз баалабасак да аларды алар баалашууда. Анткени, бизде мыкты кадр өсүп жетилиш үчүн жыйырма жылдан ашык убакыт өтөт экен. Президенттин айланасында күчтүү кадрлар канчалык көп болсо анын иши арбыйт, иши жүрүшөт дегендик.

— Кайсы бир кызматтан баш тартканыңызды уктук. Сыр болбосо кайсыл кызматты сунушташты?

— Мени эч ким кызматка чакырып, сунуштаган жок. Бирөөлөр тамашалап айтып койсо керек. Биринчи жолу сенден угуп жатам.

P.S. Бул маек Икрамжан Илмиянов кармалганга чейин эле «Де-Факто» гезитине жарыяланганын айта кетүүнү туура көрдүк.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: