Menu

Өмүрбек Бабанов: “Мени Бакиевдер куугунтуктап камай албаган, эми Жээнбековдор куугунтуктап камай албайт!”

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-октябрда Кыргызстандын айрым ММКлары Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо кампаниясы учурундагы теледебатынан үзүндү жарыялашты. Андагы Бабановдун айрым айткандары күлкүнү гана жаратып, биз да өз комментарийибизди кыстара кетели дедик.

Өмүрбек Бабанов: Сиз коррупция менен менен күрөшө албайсыз, сиз премьер-министр болуп турганда “Лигласс” компаниясы Кыргызстанга келген…

Сооронбай Жээнбеков:  Балапан! Мен сени куугунтуктабайм, Өмүрбек иним, угуп тур, “коррупция менен күрөшпөйсүң” дейсиң, коррупция менен мен күрөшөм, мен тазамын! Сен күрөшө албайсың. Сен күрөшө албайсың, эмне үчүн дегенде, мен сени жакшы билем. Эмнеге батканыңды. Менин сага 25 суроом бар. Эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, мен сенден баштайм! Эмне үчүн дегенде, мен эмне үчүн бюджетти көтөрөм деп айтып жатам, эмне үчүн мугалимдердин айлыгын көтөрөм деп айтып жатам, себеби мен Кыргызстанды 2005-жылдан бери жакшы билем, ким кантип байыган? Ким мамлекетке кызмат кылган, ким мамлекетти уурдаган. Аны мен жакшы билем. И биринчи сенден баштайм, ачык айтайынбы? Мына, сен өзүң баштадың, мен айтпайын дедим эле. Кудайым колдоп, эл колдоп, президент болуп калсам, ошол миллиарддарды төктүрөм бюджетке. И ошол мугалимдердин айлыктарын ошол акчалар менен көтөрөм мен. Ошондой коррупционер эсептелген 35 адам бар. Баарын по-фамильно билем. Мына, ошондон баштайм буйруса! Мына, мен күрөшөм, тазамын! Кудайдан коркпойт экенсиң , мен кудайдан корком.

Өмүрбек Бабанов: Биринчиден, мамлекеттин башчысы кызматына бараткандан кийин , сиз мындай сыйлап-урматтап сүйлөңүз! Мен сизге эч качан “Балапан” болгон эмесмин! Мен сиздей чиновник болуп, каяктан байлык тапканыңызды сиз далилдеп бересиз!  Экинчиден, мен дайыма бизнесте жүргөм, мени Бакиев куугунтуктап, мени камай албаган! Эми Жээнбековдор куугунтуктап камай албайт! Менин аркамдан элим бар. Менин баскан жолум таза…

Редакциядан: Өмүрбек Бабанов “мени Бакиевдер куугунтуктап, камай албаган” дейт. Бирок биз билгенден Бабанов Максим Бакиев менен достошуп, чоогу бизнес кылышып, 2007-жылы “Кыргызстан” АК банкын экөөлөп, Шарипа Садыбакасовадан тартып алышпады беле? Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин “Кыргызстан” АКБ Бабановго карап келатпайбы. Шарипа Садыбакасова болсо алигиче арызданып жүрөт. 2007-жылы бизнесмен Хон “Бабанов менин нефтебазамды рейдерлик жол менен тартып алды” деп соттошуп жүрбөдү беле. 2008-жылы Бабанов НТС телеканалын Максим Бакиевге сатып, акчасын алып, бирок 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Атамбаев менен “тил табышып”, НТСти кайра өзүнө алып албадыбы? 2007-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Бабановдун казак жараны экенин далилдеп, кыргыз жарандыгынан ажыратып салганда Бакиевдер  Бишкек шаардык соту аркылуу Бабановдун кыргыз жарандыгын кайра калыбына келтирип, райондук соттун чечимин жокко чыгартып бербеди беле. Ушул куугунтукпу?  2008-жылы  Бакиевдер Өмүрбек Бабановду КР Өкмөтүнүн Биринчи вице-премьери кылып дайындашпады беле, ушул куугунтукпу? Эми мындай мисалдарды айта берсе кагаз түтпөйт…

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: