27-октябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Кара-Суу районунун Нурдар айылында, тактап айтканда “Ош” аэропорту жолунда 35 жаштагы кишини унаа сүзүп, ал киши ошол жерден жан берген. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Берилген маалымат боюнча, Кара-Суу районунун 1965-жылы туулган тургуну К.М. “Тойота Карина” үлгүсүндөгү унаасы менен Кашкар-Кыштак айылынын 1983-жылы туулган тургунун сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жаракат алган А.М. Нариман аймактык ооруканасына жетпей көз жумган.
Бул кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ