Кечээ, 27-октябрда саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Такталбаган маалыматтар боюнча, «Мерседес» унаасы «Митсубиси» менен кагышып, андан кийин токтоп турган башка «Митсубисини» сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 20-25 жаштагы жөө жүргүнчү кыз да жабыркады. Үч айдоочу жана жаш кыз ооруканага жаткырылып, унаалар айып аянтчасына токтотулду.
Жол кырсык боюнча материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ