Menu

Бүгүн футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында кыргыз жана өзбек курамалары беттешет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында кыргыз курама командасы өзбек курамасы менен тайпадагы биринчи орун үчүн беттешет.

Белгилей кетчү нерсе, төрт турдун жыйынтыгында 2 кураманын капчыктарында 9 упайдан бар. Муну менен 2 курама команда тең биринчи орунда турат.

Айта кетсек, мелдештин жыйынтыгында финалдык этапка тайпанын жеңүүчүсү жана тайпалар арасында мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген командалар чыгат. Финалдык этап 2019-жылы Тайландда өтөт.

Беттеш бүгүн саат 16:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кирүү акысыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: