Эртең, 29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түңкүсүн -3-8, күндүз +12+17;
Таласта түңкүсүн -2-7, күндүз +10+15;
Баткенде түңкүсүн -5-10, күндүз +13+18;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5-10, күндүз +13+18;
Нарын облусунда түнкүсүн -2-3, күндүз +11+16;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1-6, күндүз +11+16 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 15…17 градус болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ