Menu

Сагынбектен кийин «сахнага» Иса чыгабы?

Бөлүшүү:

А дегенде бир нерсени элестетип көрөлүчү, ооба, мыйзамдын алкагында. Мисалы, ар бир саясий партиянын ички бекем тартиби катары саналган Уставы болот да? Анан кайсы гана саясий пар­тия болбосун анын бир нече курамдан турган Саясий Бюросу болот эмеспи? Анан ал партиянын башында турган ли­дери турат. Ошентип, алар Уставда көр­сөтүлгөн боюнча коомчулукта иш алып барат, ушундайда? Ал эми Кыргызстанда­гы чейрек кылымдык тарыхы бар КСДП партиясында эмне болуп жатат? Жогор­ку айтылган эрежелерди уруп да койбой, аталган партиянын Борбордук аппараты­нын билдиргени боюнча партиянын ка­тарынан чыгарылган Сагынбек Абдрах­манов деген неме өзүн-өзү билип, бир жылга жакын убакыттан бери Кыргы­зстандын жарымын кыдырып, партия­нын лидери аталган Алмазбек Атамбаев­ди КСДПдан бөлүп салуу аракети менен каалаган жеринде конференция өткөрүп жүрөт. КСДПнын башкы кеңсесинде отур­гандар болсо «Сагынбек Абдрахманов биздин партиянын мүчөсү эмес, антке­ни ал партиянын катарынан чыгарыл­ган. Анын антип жер-жерлерде «КСДП Атамбаевсиз» деп жыйындарды өткөрүп жүргөнү мыйзамсыз. Абдрахманов бул оюнда кичинекей гана фигура (пешка), анын артында чоң күч турат» деген тариз­де билдирүүсүн бир нече ириет билдир­ди. Кечээ жакында болсо ошол айтылуу Абдрахманов ноябрь айынын ичинде борбордо КСДПнын республикалык жый­ынын өткөрүп, ошол жыйында партия­нын лидери Алмазбек Атамбаевди алып ыргытаары тууралуу массалык-маалымат каражаттарында ачык эле айтып кирди. Канчалык билмексендикке салбайлы, чы­ны менен эле бул оюнда Абдрахманов ки­чинекей гана фигура экени, аны артынан жөлөп-таяп, бара турган жолун тазала­тып турган кудурети күчтүү адам ким экенин баары сопсонун туйуп эле турат. «Улуу сөздө уят жок» дейт, кыргызда, бул көрүнүштү узартпай кыскача чечмелесек накта көтөнзордук, жумшартып, орусча­лап айтканда накта рейдерлик.

Кыясы, «соккусу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет» дегендей Абдрах­мановдун колу менен жасалып жаткан бул «оюн» чыны менен эле өз эңсөөсүнө жеткени калды окшойт? Абдрахманов­дун миссиясы аяктагандан кийин сце­нарий кандай өңүттө уланат? КСДПнын башына, биз баарыбыз туйуп жаткан кудурети күчтүү адамдын көрсөтмөсү менен дагы бир «пешка» дайындалат. Эң өкүнүчтүүсү, ошол «фигура» Атам­баевдин дагы бир 25 жылга жакын ишенип келген адамы, (досу десек да болот го?) Иса Өмүркулов КСДП партиясынын «лидери» болуп дай­ындалаары тар чөйрөдө айтылууда. Дегинкиси Кыргыз саясатындагы саясатчыларда бет деле калбай кал­ды го? Барыдан да күйдүргөнү башка жалтырак-жултурактарды «мүлжүп» бүтүшүп, адам баласындагы баалуу­луктардын бири болгон ДОС деген сонун түшүнүктүн да тамтыркайын чыгарышмак болду? А бирок дээрлиги ушундай саткындардан турган КСДП пар­тиясына алдыдагы күтүлүп жаткан парла­ментке болгон шайлоодо аларга өз таг­дырын ишенип, ким, кандай элек­торат добуш берет болду экен?

Нурдин Асанов

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: