Menu

Темирлан Сманбеков, КР эмгек сиңирген артисти: Таланттуу жаштарды өзүбүз окутуп, жөндөмдүүлөрүн ишке тартып жатабыз

Бөлүшүү:

– Темирлан мырза, сиз Нарын облустук театрын жетектей баштаганыңызга бир эле жыл болду. Ушул кыска мезгилдин ичинде эмне өзгөрүүлөрдү жасай алдыңыз?

– Бир жылдын ичинде аябагандай көп иштер бүттү. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Нарынга барганда каражат бөлүп, ал каражатка театрдын сыртын жасайбыз деп отурушкан экен. Ошол акчадан 10 млн. сомду үнөмдөп калып, ичиндеги жабдууларды, сахнаны, жарык, үн берүү системаларын алмаштырдык. Кыскасын айтканда, акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар коюлду. Мына, биз Астанага, Ташкентке бардык, бирок, биздегидей үн, жарык берүү системасын көрө элекпиз. Азыр театрдын тегереги жаркырап калды. Театрга келген адам адегенде эшигин көрөт. Сырты жаркырап турушу керек. Келаткан адамда «тазалыгын кара» деген кандайдыр бир сезим пайда болуш керек. Анан фойеге киргенде ал жер да жаркырап турушу зарыл. Мына ушул эки нерседен өткөндөн кийин көрүүчү чыныгы жомокко кирет. Ал жомок дагы жөнөкөй жомок болбошу керек. Адамдардын деңгээлин көтөргөн, эстетикалык ырахат берген, көрүүчүнү ойго сала турган, экинчи-үчүнчү планы бар…

– «Маң» спектаклинин коюлуу таржымалын айтсаңыз?

– Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде драматург Султан Раев «Маң» деген аталышта өзүнүн версиясын жазган экен. Биз ошону коюп, аны менен Астанга бардык,19 өлкөнүн ичинен үч мыкты спектаклдин ичине кирди аерден. Бишкектеги 10-театралдык фестивалда баш байгени алдык. Мына азыр өзүңүз көрдүңүз, ошол эле спектакль Ташкентте, Мукими атындагы театрдын сахнасында коюлду. Союз таркагандан берки 25 жылдын аралыгында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда өнөр адамдарынын катнашы болбой калган. Азыр эки өлкөнүн президенттери кайра достукка жол салып, ынтымакка келип атканы биз үчүн чоң кубаныч болду. Биз өзбек көрүүчүлөрүн, өзбек сахнасын кадимкидей сагынып калыптырбыз.

– Репертуарыңыздарда дагы кандай чыгармалар бар?

– Азыр «Жамийла» драмасынын үстүндө иштеп жатабыз. Жалил Садыковдун «Ак Мөөр» драмасын билесиңер. Ошонун негизинде спектакль койдук. Абдан сонун коюлду. Андан ташкары, дагы он бештей чыгарма бар, ошолорду буюрса баштайбыз. Жакында эле театралдык сезонду ачтык. Алдыда «Айтматов жана театр» деп аталган чоң фестиваль, андан соң Москвадагы фестиваль турат. Анан Кудай буюрса, жазында Уфага барабыз.

– Нарын театры канткен менен элеттик театр да, облустун климаттык шарты да аябай катаал. Ушундай шартта репертуар, каржы, кадр маселесин кантип чечип жатасыздар?

– Биз азыр министрлик менен сүйлөшүп, жылына беш спектаклге акча каражатын бөлдүрүшүбүз керек. Ошол каражат бөлүнгөндөн кийин мен келишим менен, контракттын негизинде мыкты режиссерлорду чакырып, мыкты драматургдарга заказ бере баштайм. Ал эми коллектив өзүбүздө Кудайга шүгүр.

– Нарын бийик тоолуу аймак экенин жогоруда айтпадыкпы. Ошондой болгон соң сиздердин театрда иштегендердин айлыгына үстөк кошулуп, кандайдыр бир жеңилдиктер берилеби?

– Он эки жылдан ашык иштесе бийик тоолуу аймактын жашоочусу катары төлөнөт. Пенсияга чыкканда да жеңилдик болот. Менин да айлыгыма кошулуп атат, бирок пенсияга чыга албайм. Анүчүн мен 12 жыл иштешим керек.

– Байкасам коллективиңизде жаш артисттер бир топ эле экен. Сиздерде иштөөнү каалаган жаштар көппү?

– Өтө орчундуу маселе ушунда турат. Профессионал актёрлердун, актрисалардын канчасы менен сүйлөшүп, чакырдык. Келбей жатышат. Себеби, алар барганда жашай турган жатаканасын чечиш керек. Же министрлик, же жергиликтүү бийлик чечиши керек. Айлыгынын тең жарымын квартирага төлөп коюп, кантипжашашат? Ошондуктан, айла жок биз таланттуу жигит-кыздарга кастинг өткөрүп, башка тармактарда иштеп, же башка окуу жайларга окушса дагы “чымыны” бар жаштарды өзүбүз окутуп, актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класстарды өтүп, жөндөмдүүлөрүн ишке тартып атабыз. Башка айла жок.

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: