Menu

Орусияда акциялар маалында ондогон активист кармалды

Бөлүшүү:

Активисттердин Ростов-на-Дону шаарындагы акциясы. 28-октябрь 2018

Жекшембиде Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы саясий туткундарды коргоо акциялары маалында 60ка жакын адам кармалды. Алардын көбү протоколдор толтурулгандан кийин бошотулса, бир нечеси таң атканча кармалып турушту.

Акциялар «Новое величия» жана «Сети» деп аталган кылмыш иштери боюнча камалгандардын ата-энелери тарабынан демилгеленген. «ОВД-Инфо» сайтынын маалыматы боюнча Москвадагы акцияга 500гө жакын киши катышты. Калаа бийлиги уюштуруучулардын макулдашылган жүрүш өткөрүүсүнө уруксат берген эмес, ошондуктан демилгечи топ каалоочуларга эч кандай плакаттар жана ураандары жок ФСБ имаратынын алдына келүүнү сунушташкан. Акция өткөрүүгө SERB уюмунун активисттери тоскоолдук кылууга аракет кылышты. Москвада жалпысынан 18 киши кармалды.

Настоящее Время
@CurrentTimeTv

Десятки людей задержаны в Москве и Петербурге на акции в поддержку обвиняемых по делам сообществ “Сеть” и “Новое величие”.
Вот как это происходило в Москве:

Санкт-Петербургда бийлик Марс талаасында митинг өткөрүүгө уруксат бербегендиктен, активисттер шаардын борборуна чогулду. «Свобода» радиосунун маалыматына караганда, полиция 40 кишини кармап кетти, алардын арасында 12 жаштагы кыз жана эрезеге жете элек бир нече бала бар. Кармалгандардын бардыгы кечке жакын протоколдор толтурулгандан кийин кое берилди.

Ростов-на-Дону шаарындагы митингге ондогон киши катышты. Полиция анда «Ачык Орусия» кыймылынын активисти Максим Руденкону кармады. Ал Орусиядагы «ылайыксыз» уюмдун мүчөсү экендиги тууралуу протокол түзүлгөндөн кийин кое берилди.

Жекшембиде Новосибирск шаарында камактагы саясий активисттерди колдоп бир киши пикетке чыкты. “Сибирь.Реалии” сайты кабарлагандай, ага «Сети» деп аталган иш боюнча куугунтукталып жаткан Арман Сагынбаевдин апасы катышты.

«Новое величия» жана «Сети» иштеринин фигуранттарын коргогон митинг Пенза шаарында дагы өттү. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акция маалында эч ким кармалган жок. Ушундай эле пикеттер Воронеж, Иркутск жана Нижний Новгород шаарларында дагы өттү. Хельсинкиде активисттер Орусия элчилигинин алдына пикетке чыгышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: