Menu

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Айтматов-90 жыл” коллекциялык монетасы чыгарылды

Бөлүшүү:

Улуттук банк тарабынан 29-октябрдан тарта “Чыңгыз Айтматов -90 жыл” коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдирди.

Монетанын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Монетанын четин тегерете «Чыңгыз Айтматов — 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov — 90 years» жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлүп, Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018).

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Салмагы 25 грамм болгон монета 5 миң даана чыгарылган. Анын наркы 700 сомду түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: