Menu

Талгат Айткулуев, ботаникалык бактын кызматкери: Бактериялык күйүк – кыргыз багбандардын күйүтү болуп турат

Бөлүшүү:

– Талгат мырза, «бактериялык күйүк» менен алма багынын абалы кандай?

– Азыркы убакта кастарлап алма багуучулар көбөйүп атат. Чет өлкөдөн бери көчөттөрүн ташып келип отургузуп, кийинки келечек үчүн жакшы пайдубал түптөп атканына жүрөгүң жылыйт. Ошол эле учурда биздин алма бактарды «бактериялык күйүк» деген илдет каптап, багбандардын бакшагын «кырып» баштады. Бул оору бүткүл республиканы каптап кетти. Муну дарылоо бир четинен оор болгону менен билген адам оңой эле дарылап койсо болот экен. Билбегендиктен, кыргыздын тоңмоюндугунан абдан жайылып кетти. Чүйдө, Ысык-Көлдө, өзгөчө республиканын түштүк аймагында кулачын кенен жайып ийди бул идцет.

– Алдын алыш үчүн эмне кылыш керек, сиз ушу илдет менен өз алдыңызча күрөшүп көрдүңүзбү?

– Күрөшүп көрдүм. Кыргыз багбандарына жеңил жана абдан ыңгайлуу шартын өз тажрыйбамда колдонуп, анын үзүрүн да көрдүм. Биринчиден, кадимки эле тетрацикилин, стрептомицин дарьшары бардык аптекаларда бар жана арзан. Бир флаконун 5 литр сууга же 10 таблеткасын 10 литр сууга кошуп жаңыдан гүлдөп баштаганда чачыш керек. Ушул эле дарылоону гүлдөп бүтөрү менен кайталоо абзел.

– Бактерия кандайча жугат?

– Кыйыштырууда жана аары менен келет. Ооруган бактан учуп келген аары таза гүлгө конуп, анда калып калат.

– Дарыны кайсы убакта чачат?

– Күн тийип турганда түшкө чейин чачса эффективдүү болот. Эмнеге дегенде, дары жакшы каныгат да тез кургайт. Ал эми кечинде чачса, бир түн ичинде эле чирип кетет, алар назик болушат эмеспи.

– Кептин баары бакка учуп келген аарыда экен да, анда аарыны биринчи иретте дарылаш керек го дейм?

– Анын оңой эле жолу бар. Бак-шагыңдын жанына аары суу иче турган идиш даярдап, сууга дарыны эзип койсо, бакка учуп келген аары дарысы бар сууга конуп өзү эле дарыланып калат.

– Ошого карабай эле алма бакка оору жугуп калса кантебиз?

– «Бактериялык күйүккө» чалдыккан бак, анын бутагы четинен чирий баштайт. Аны мындай эле көрсө болот. Ал учурда ошо чирип баштаган бутакты таза жеринен кыркып, таарып, таарылган жерге дарысы бар тампонду 3-4 сыйра каныктыра ичирип, басып, андан кийин кургаганда кадимки эле сыр менен сырдап салыш керек. Эгер алма бактын көп жери илдетке чалдыккан болсо, бутактарды тазалап, дарылап, андан сырткары, бактын төрт тарабынан чуңкур казып, дарысы бар сууну куюп, сугарса болот. Тамыры дарыланат деген кеп.

– Талгат аке, сиз мага эрте жазда боло турган, жасай турган иштерди айтып бердиңиз. Жаз келгиче бул кеңешиңизди багбандар унутуп калышпасын?

– Нагыз багбан деген жазда жасала турган иштерге эмитен киришет, кам көрөт. Билим топтойт, тажрыйба алмашат. «Бактериялык күйүк» илдетине бир эле багбан далбас урбай, жапатырмак баары киришсе жакшы натыйжасын берет. Керек болсо балчылар менен бирге иш адып барышсын. Ар бир бал челектин жанына дары кошулган сууну койгонду унутушпасын. Учурда «бактериялык күйүк» – кыргыз багбандардын күйүтү болуп турат.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: