Menu

Ташиевдин уулу Таймурас модель Эркайымды тандады

Бөлүшүү:

Эркайым Абдуллаева, модель: Таанышкандан тартып эле Таймурастын жөнөкөйлүгүн жактырдым

«Миллиондук мелдеш-2» тасмасында башкы каармандын образын жараткан, кыргыз эстрада ырчыларынын бир нече клиптерине тартылган модель, актриса, таланттуу, чырайлуу кызыбыз Эркайым Абдуллаева 30-октябрда турмуш босогосун аттап, белгилүү саясатчыбыз Камчыбек Ташиевдин уулу Таймураска турмушка узаганы турат. Эки жашка бакыт каалап Эркайымга айрым суроолорубузду узаттык.

-Эркайым, 30-октябрда турмуш босогосун аттаганы турган экенсиң…

– Үйлөнүү үлпөт тою адамдын жашоосунда бир келүүчү, эсте калуучу эң бактылуу күңдөрдүн бири деп эсептейм. 30-октябрь күнү кыз узатуу шаан-шөкөтү болуп, 9-ноябрда үйлөнүү тоюбуз болгону турат.

– Болочок өмүрлүк жолдошуң Таймурас белгилүү саясатчыбыз Камчыбек Ташиевдин уулу экен. Таймурас экөөңөр кандайча мамиле куруп калдыңар?

– Алгачкы таанышуубузду эскерсем, Инстаграм аркылуу таанышканбыз. Таймурас менден бир жаш улуу, 1994-жылы төрөлгөн. Экөөбүз кыз-жигит болуп жарым жылдай сүйлөштүк. Бири-бирибизди жакындан тааныдык. Таймурас үй-бүлөнүн эң улуу баласы.

– Таймурас айчырайлуу кызыбыздын жүрөгүн кантип багындырып алды?

– Чынын айтсам, алгач таанышкандан тартып эле Таймурастын жөнөкөйлүгүн жактырдым. Сүйлөшүп отурганда эле «эртең жолугушалы» деген сунушун киргизди. «Жолугушабызбы, көрөбүз…» деген менин пикириме «жумушуңа келип кечке күтсөм да акыры жолугушабыз» деп айтканынан кайтпаган мүнөзү бар экенин баамдадым. Башында эле «мен сага үйлөнөм» деген пикирин айткан. Алгач өзүм да ишене бербегеним менен эми минтип тоюбуз болгону турат. Курбуларым таанышкан, сүйлөшкөн жигиттери тууралуу айтып калышат. Кыз тараптан бир ирет баш тартуу болсо эле мамилелер бузулуп, жолугушуу болбой калат. Жактырган адамы үчүн акырына чейин турган мырзалар чанда болот. Мен Таймурастын чечкиндүү мүнөзүн жактырдым.

– Тасмаларга тартылуу, чыгармачылык жолуң мындан ары кандай уланат?

– Мен аркалап жүргөн өнөрлөрдү хобби катары көрөм. «Сөз жок эле тасма, клиптерге тартылышым керек» деп бул жаатта өтө аракет кыла бербейм. Турмуш баарын өз ордуна коёт эмеспи. Мен баарынан мурун үй-бүлөнү жогору койгон жанмын.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: