Menu

Орусияда кароосуз калган 6-7 айлык төрт бала Кыргызстанга алып келинди

Бөлүшүү:

26-октябрда Орусиянын Новосибирск аймагында кароосуз калган төрт бала Кыргызстанга алып келинген. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Балдар 6-7 айлык экени, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Новосибирсктеги вице-консулдуктун, Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен мекенине жеткирилип, тарбиялоочу мекемелерге жайгаштырылганы белгиленет маалыматта. Учурда ымыркайларды туугандарына берүү боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Энелер турак жайы жана расмий никеси жок болгондуктан, жумушсуздуктун айынан балдарынан баш тарткан. Айрым ымыркайлардын ата-энесинин бири камалган.

Министрликтин маалыматына караганда, 2011-жылдан бери чет элде кароосуз калган 89 бала Кыргызстанга кайтарылды. Арасында 10 бала 2018-жылы алып келинген.

“Кыргыз Руспубликасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамга ылайык, баланын апасы же атасы Кыргызстандын жараны болсо, ымыркай кайсыл жерде төрөлсө да Кыргызстандын жараны болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: