Menu

Өзбек бийлиги фермерлерди арыктагы сууга тизип жазалады

Бөлүшүү:

Социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде суу аккан арыктын ичинде тизиле турган алты кишинин сүрөтү жарыяланды. Окуя Ташкент облусунун Аккурган районунда болгон.

“Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, алты кишинин үчөө – Аккурган райондук администрациясынын кызматкери, бирөө – маале аксакалы, экөө – жергиликтүү фермер. Бул сүрөт 25-октябрда аймакка Өзбекстан вице-пермьер-министри Зоир Мирзаев келген күнү тартылган.

​Маалыматтарга караганда, бул алты киши буудай талаалары жакшы сугарылбаганы үчүн уруш жеген. Аларды вице-премьер-министр, Ташкент облусу жана Аккурган районунун жетекчилеринин көзүнчө жазалашкан. Күбөлөрдүн айтымында, алты кишини арыктагы муздак сууга 40-45 мүнөт тургузушуп, андан соң суу кийимдери менен көчөдө чуркатышкан.

Жергиликтүү фермерлердин бири сууга түшүүгө каршы болгону, бирок аны сабап туруп арыктын ичине тургузушканы айтылууда. Учурда фермердин үй-бүлөсү Ташкенттеги жогорку бийлик өкүлдөрүнө арызданууга ниеттенүүдө.

Аккурган район акиминин орун басары Шерзод Муродов бууздай талаалары сугарылбай калганы үчүн ачууланганын, бирок кишилерди арыкка түшкүлө деп буйрук бербегенин билдирди:

– Мен арыкта суу бар экенин көрсөткүм келип, сууга өзүм да түштүм. Аларга буйрук берген жокмун. Бул кадамга алар өздөрү барышты. Сууда көпкө турган жокпуз, бир мүнөттөй эле болдук.

Бул арада Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги окуянын күнөөкөрлөрү мыйзам чегинде жазаланарын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: