Menu

«Вечерний Бишкек» гезитинин гендиректорунун, башкы бухгалтеринин кабинеттери тинтүүгө алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-октябрда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы “Вечерний Бишкек” гезитинин жетекчилеринин кабинеттерин тинтүүгө алгандан кийин эшиктерине өз мөөрлөрүн басып, жаап салышкан. Бул туралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы азыркы күндө “Вечерний Бишкек” басма үйү менен “Рубрикон” жарнамалык ЖЧКсынын мүлктөрүн Александр Кимден Александр Рябушкинге өткөрүп берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул иштин алкагында кечээ, 28-октябрда, дем алыш күнү милицияга “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн гендиректору өзүнүн башкы бухгалтери менен кадрлар бөлүмүнүн башчысын офисине жыйнап алып, ишкананын учредителдик документтерине өзгөртүү киргизүү аракеттерин жасап жаткандыгы боюнча оперативдүү маалымат келип түшкөн.

Ошондуктан кечээ, 28-октябрда, дем алыш күнү ыкчам-тергөө тобу “Вечерний Бишкек” басылмасынын Алымкул Үсөнбаев көчөсү-2 дарегинде тинтүү жүргүзгөндө оперативдүү маалымат чын чыгып, ал жерде басылманын гендиректору, башкы бухгалтери жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы дем алыш күнү экенине карабай ичинен жаап алып, иштеп жатышкандыгы анык болду. Алтургай алар ыкчам-тергөө тобун басылманын офисине киргизбей кыйнашкан. Сүйлөшүүлөр жана түшүндүрүүлөрдөн кийин гана алар ыкчам-тергөө тобун киргизүүгө аргасыз болушкан. Тергөөчүлөр басылманын аталган жетекчилеринин кабинеттерин мөөр басып, жаап салышкан.

Бүгүн, 29-октябрда саат 08.00.дө тергөөдөн атайын адистер келип, ал кабинеттердеги документтерди текшере башташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: