Menu

Чыңгыз менен Бүбүсаранын махабаты. Уландысы

Бөлүшүү:

Ал аңгыча тейлөөчү кыз келе калып, ойлогон оюн бузуп жиберди. Көңүлү тарткан тамак-ашын айтып, анан саамга токтоп калды. «Бу ресторандан шарап ичсе болобу? — Арак, коньяк, дагы башкасынын ичилерин билет эле. А шарапчы? Болгондо да сулуу кыздай кылгырган шарапчы.- Ээ, кой, — деди ал,- Москва арак гана ичет. Ичкенде да Наркомовский, Сталинский. Жок, Москва арагын ичсе иче берсин. Коньяк. Кыргыз коньягы. Азыр Бүкөн келсе коньяк ичебиз да. Наркомовский».

Бүбүсаранын туфлисиндей болгон рюмкаларды колуна алды да, ары-бери карап, алардын кооздугуна аябай суктанды. Анан суу куюлчу назик стаканды кармады. «Мына, мына ушунусу ылайык экен. Расул Гамзатов шарап ичкен стакан тура. Гамзатов ичиш кылайын».

Алдында толкуну жок деңиздей мелтиреп турган коньякты колуна алып, дем албастан бир тартты да: «Күршар түшсөң эми күршар түшө бер», – деп столдун үстүн карап калды.

Бөлмөсүнө кирер менен Бүбүсараны эстеди. Сагынып кеткен экен. Сагыныч да жаш баладай кыялына эмне келсе ошону гана жасайын деген, Кудайынын эң кенжеси, эрке мүнөз бир керемети окшойт. Кааласа ойго батырат, каалабаса сенин бар-жогуңду унутуп коёт. Ооба, жана эле, коштошор алдында эле, бир болуп, бири-бирине бир күндүк эмес, бир кылым ашкан сагынычын, жүз жылга толгон арзуу күйүтүн, күйүт болгондо да тигил дүйнөгө кошо кетер айыкпас дартка, бир сүйүүнүн бир дагы жолу айтылбай турган дил муңу оорусуна айланган жан кумардын жалынынын кулун кылып туйлаткан куса арманын көңүлдөрү каалагандай таратышкандай, махабат деген азаптын жер чыдагыс оор жүгүн жеңилдетишкендей болгон. Эми мына, коштошор замат кайрадан канча бир күн, канча түн бирин бири көрүшпөй, бирин бири көңүл сырынан көз ирмем да чыгарышпай жүрүп, бирин бири азыркыдай эстей калганда жандуу ооруга кабылгансып жалдырама эстелик болуп, кирпик какпай, дем албай кайрадан дил канкакшоосуна түшкөнсүп бирин бири айдын алтын нурунан кусалыктын кул кылган арманын айтып сурашып, бирин бири күндүн күмүш шооласынан сагынычтын күңтагдыр күйүтүн бүтпөй ый кылып сыздап. Жаратканым насибин берип кездеештрип койсо экен, жаш баланын пейили ченен сүйлөштүрүп, эгиздердей бир болсок экен дедиртип, буга чейин сүйүшкөндөрдүн эч биринде болбогон жандүйнө менен дилармандан жаралган, ошо жалгыз Жараткан гана аларды бири-бирине тагдыр-өмүрүн табыштагандан берки эс тандырып келаткан, энеси келип алдына ак жоолугун таштаса да эрөөл талаш сайыштан баш тарттырбаган жапайы эңсөө кусалыгы кайрадан ээлеп алды. Чын эле сени бирөө сагындырбаса да, ар дайыма асыл сөзүн айтып эстетпесе да, а балким аны сен таптакыр билбесең да, ошо бир өзүңдү ар убак ой терметип арманга батыпдаң жарчы болуп акжарык жолун карап сагынып, каш кагымга унутпастан эсгеп жүрсө.сенсиз жашай албаган абалын өмүр бактысы санап калса, сен анын бүт бардыгын кайып-каскагынан туйган болсоң, билесиңби,сен анда бактылуусуң, сен анда андан өткөн, андан ашкан бактылуусуң. Ушундайбы? Азыр менин алдан тайып, араң соккон, күндүр-түндүр түйүлө сыздап турган жүрөгүмдө үмүт менен Бүбүсара экөө гана жалдырап жашап калды. А бирок мен эми ага такыр, жүрөгүмдө аёолуу, назик жылмайып, дил-оюмда жаш баладай эркелей күлүп турса да бир да жолу, кур дегенде көз ирмем убакытка жете албайт окшойм. Өмүр бою махабат менен бакытты издеген адамдын жетпесе да бир сүйгөн адамы, жаныңа жаны кошулган, сен үчүн гана жаралган жалгыз сүйгөнү болгону дагы жакшы өңдөнөт. Ал анткени күнү кетип, түн келип, Күнү чыгып, Ай батканча кулак-мурун кескен жымжырттыкта, баш-аягы көрүнбөгөн, мага окшогон мусапырдай жалгыздыкта ошо сүйгөн адамыңды эстеп, көзүң ачылгандан баштап аны гана сагынып турсаң, басарга жериң, барарга элиң жок калып, кыжырың кайнап, кыл чайнап кызганыч кылычын кармап турсаң өзүңдү тирүү санап, өзүңдү эл-журт карап жаткандай сезип кетесиң. Кыйноодо жүргөн, азапта калган дилиңди, эч кимге айткыс, эч бир жан билгис ичтен сыздаган абалыңды агын суудай тазартасың. Деги бу Кудай деген адамды жаратканы чын болсо, анда ар кайсы коктуга салып адаштырбай аны бак-таалайлуу болор адамына өз маалында жолуктуруп, өз маалында баш коштурса болбойбу? Теңирде да теңчилик болбой кетет өңдөнөт.

Ал ушуларды ойлоп жатып көзү илинип кетти. Анын жакшы жагы уйку басып кыйналса, бир азга чырм этип алып, куландан соо эс алып калары бар. Уйкуга да кыйналып-кысталып отурбайт, үргүлөй баштаганда эле каалоо-шартына жараша эс ала берет. Азыр да ошондой оңунан келген иш болду окшойт, жаны жай алып, дене-бою көшүлүп кетти. Көшүлөр замат болдубу же бир аз эс алган соң көрдүбү, айтор, түшүнө Бүбүсара кирди. Кардай аппак этине кандай кызыл көйнөк кийип алыптыр. Куюлуп түшкөн ак балтыры менен бутундагы туфлисинин айырмасы билинбейт. Ал жерде, а Чыңгыз болсо үчүнчү кабатта, балкондо турат.

— Эмнеге келдиң? Убара болуп келбей эле консоң болмок, айтпадым беле? – дейт Чыңгыз.

— А мен келем дебедим беле? Келем дегенден кийин мына, келдим.- Бүбүсара жылмая күлөт. – Мен өзүң айткандай ак куу болуп учуп бараткам да, анан сени эстей калып калпагыңды бере кетейин дедим. Мына калпагың. -Ал кол сумкасынан калпак алып чыгат. Төрт талаалуу, саймаланган, астарлуу калпак экен.

— Аа, меники бекен? Анда кир, үйгө кирбейсиңби?

— Мен учуп баратам дебедимби, кайра келейин, анан кирем.

Чыңгыз таң калат. «Учуп баратканы эмнеси? Каякка учуп баратат?»

— Колуңду соз, мен секирем. Ии, ылдый бол, бол эми карма. Гүлдү кошо карма, бул дагы сага. Мына, бир аз ылдый бол, жыгылбагын.

Чыңгыздын колу калпакка жетип жатты, а бирок такыр кармай албай койду. Ошентип жатып бир маалда гүлдү кармады. Апаппакай гүл экен. Кайра колун созду. Эми калпакка жетет, эми калпакты алат. Жок, дагы ылдыйыраак боло түшүп… Ии, ылдыйыраак боло түшүп Бүбүсаранын ак жибектей билегинен кармап, анан аны өзүнө тартып алгысы келди. Бир аз ылдый болуп ыңгайлашайын дегенде Бүбүсаранын үнү чыкты, жерден эмес, куду эле кулагынын түбүнөн чыкты:

– Мейли, кайра келем.

Бүбүсара чын эле ак куу болуп учуп баратыптыр, заматта көздөн кайым болду. Ал турган жерди карады. Жалгыз эски туфли турат. Чочуп ойгонду. «Жаман түш кирчү болду»,-деди да, бөлмөсүнүн эшигин жарым-жартылай ачып, үй ичи желдесин деп отурду.

«Тык-тык, тык-тык»,-деген үн угулду. «Аял кишинин басканы. Жок, кыз го, кыз болбосо да жаш, келбеттүү, өзүн жеңил алып жүргөн, тыкан адамдын басышы. Ооба, бул сулуу кыз болсо керек. Жакшы, өң-келбеттүү, сулуу аялдардын басканы да жагымдуу, эркектер суктанарлык болот. Бул да ошондой сулуу жан». Тыкылдай баскан дабыш анын бөлмөсүнө жакын келип калганда жүрөгү зырп дей түштү. «Ошолбу? Ошол эмеспи?.. Келем дебеди беле? Чын элеби?» Ордунан ыргып турду да, коридорго чыкты. Өзүнөн-өзү Бүбүсараны кучактап калды.

Кудай берерине келгенде берет экен ушинтип. Сагынганы, күткөнү алдында, алдында да болду, ак коёндун бөжөгүндөй болуп кучагында турат. Көздөрү күр жайлоонун төрүндө бышкан карагат жок, карагат эмес, жугуп ийчүдөй болгон мөлтүрөгөн кара тамчыдай экен. Балбылдап, нур менен кошо нур болуп, миң бир ирет кубулуп турат, жоо кылычы колдон түшкүдөй жоодурап турат. Эт жүрөгү көптөн бери ээсин көрбөй жүргөн тулпардай туйлап жиберди да, анан бир башкача болк-болк согуп, буга чейин бололек бир башкача жылуулукка кабылып, анан дүйнөнүн Чыңгыздан башка эч бир жан көрбөгөн жана көрбөй турган жыргалга ошо бойдон акырындап эрип, Бүбүсаранын жүрөгүнө жүрөк болуп жаткандай болду. Махабаттын сөз жете алгыс, ушул керемети кайра бир болгус учурда ал Бүбүсараны төрөлгөн күндө бир көрүп, төрөлгөн күндө бир сүйүп, тагдыр экен, Жараткандын буйругу менен ошол сааттан бул саатка чейин көралбай, ошол сааттан бул саатка чейин кусалыктын кууса кеткис дартынын азабын тартып жүргөндөй кайгы менен кубаныч, сүйүү менен коркунуч баскан көз менен карап, бүт денеси тоодон аккан жазгы суудай ташкындап, жазындагы улуу жердей жашарып турду.

Кудайдын пейли кең экен, берем десе берет экен. Чыңгыз буга күндүн чыгып, кайра батканындай ишенди. Берерине берет экен.

– Келдим, Чыңгыз, келдим.

– Келет дегем, Бүкөн, келет дегем. Сени күтүп отургам.

Куугунчуга жеткирбей кырк чакырым аралыктан жиниге жаздап чуркап келген адамдай эң акыркы ал-күчү менен, азыр жаны чыгып кетчүдөй энтиге-энтиге дем алып, кара бороон алдындагы албууттанган деңиз толкуну кумдуу жээкке ыргыткан ак балыктай жанталаша туйлашып, ал экөөнө аба жетпей, кайсыл бир ээн жактагы туңгуюктан чыгып жаткандай алсыз, а бирок жалыныч-жалбаруу аралаш угулгандай болгон үндөрү кеч күздөгү күйкөнүн канатындай дирилдеп да, гүл саамай көктөмдүн көйрөң маалы келгендеги күркүрөп аккан дайранын бул жээгинен тигил, түнөргөн түндөй коюнуна күндүн тик сайылма канжар миз жебеси да кире алгыс чылк чытырман токою кочкул жашыл жалын болуп күйүп тургандай болгон жээгине аткан октой тартылган, аркы уч жагы үзүлчүдөй чычылып калгандай болгон кыл аркан аркылуу өтүп бараткан, жанын оозуна тиштеген адамдын кырк муунундай титиреп да, анан бир башкача балкып да турушту.

– Билгем. Күткөнүңдү билгем.

– Жалгыз жаным…

– Сагынды дегем, эстеп отурат дегем.

-Сагындым, аябай сагындым

-Мен дагы сени сагынып кетпедимби

-Сагынды дегем

– Сенсиз жашай албайт экенмин.

– Мен дагы.

– Мени Фрунзеге алып кетчи?

– Алып кетем. Сени бул жерге таштабайм. Сени эч кимге бербейм.

– Ошентчи, жаным, ошентчи. Мен…

– Ошентем.

– Мен сеникимин.

Ушул сөз угулар замат Чыңгыз аны бир ууртам бал катары жутуп жиберчүдөй өпкүлөп, ак жибектей назик, жумшак, эмчек эмген балтыр бешик баладай балкып турган денесине кирип кетчүдөй абалда калды.

Бир күн сен үчүн, бир күн мен үчүн дешип тамашалап жатышып, эки күн, эки тундү дүйнө унуткан, дүйнөдө жок махабат менен өткөрүштү.

Үчүнчү күн дегенде Чыңгыз аны электричка менен Ленинградга узатып келди. «Стреланын» үстүндө орус элинин жашыл талаасын тең жара кеткен махабат Москвага кайра кайрылган жок. Алар кайра Москвага барышмак болуп, анан Чыңгыз андан суранып жатып, дагы бир жолу өзү жалгыз жол алды.

Көкүрөгү бир аз басылган окшойт. Фрунзеге самолёт менен бет алмак болду.

Дүйнөдөгү теңдешерин Теңир өзү берелек улуу махабатты жараткан адам Жерде калып, дүйнөдөгү ал сүйүүнү тап-кан адам көк менен сызып келатты… Ал жерге качан түшөр экен да, Бүбүсара көккө кантип жетер экен?.. А азыр болсо ошо Теңирге жакын асман алдында Чыңгызга Бүбүсаранын элеси таң алды маалында жалгыз калган Чолпон жылдыздай бажырая балбылдап, бул жашоонун жанынан жаралган касиеттүү акшоокум нур болуп, өмүрүн өрткө таштабас керемет тагдыры болуп көрүндү да, анан ширенкенин жалгыз тал чийиндей акжарык чача күйүп турду. Ошону менен бирге бу Чыңгызга ушу азыр көк деңиздин тыным албас шапатасы Бүбүсаранын булуттан чыккан айдан да аша керемет көрүнгөн жүзүнөн сылап, жанда жок жарыгын төккөн каухар нур чачып, жалт караса жандүйнөңө жалын карматып, эс-акылдан адаштыра өзүнө тартып алгандай касиети бар, балбал жанган кара көзүнөн акырын өөп, кундуздай кулпурган чачын каалагандай сылай-сылай эркелетип жаткандай болду. Ошондо ал «өзөктү өрттөп, как жүрөккө сайылган кандай тагдыр болсо да Бүбүсарага бүт өмүрүмдү бердим», – деди. Ооба, бардык аял эне болуу касиетине жете бербеген сыңары, бардык сүйүү адамдарга бакыт болуп бере алар бекен?..

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: