Menu

Айтматов доордун догмаларына жана авторитардык көнүмүштөрүнө каршы

Бөлүшүү:

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Сабитжан алды жактагы жанагы кем ээк окуучу бала сыяктуу коммунистик, авторитардык тарбия системасынан жаштайынан эле майып болуп чыккан. Сабитжандан улам философ Э.Ильэнковдун мына бул ою эске түшөт: “Адамдын денесинин башка органдарын майып кылганга караганда, ой жүгүртүү органын майып кылуу алда канча оңой. Аны дарылап айыктыруу кыйын, өтүшүп кетсе, кийин мүмкүн эмес. Интеллекти жана мээни кийпин кетирип бузуунун бир сыналган “туура” жолдорунун бири – бул билимди формалдуу жаттоо. Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү шал болуп калган адамдар дал ушундай жол менен турмушта пайда болот. Бул өңдүү адамдар алган билимдерин турмуш реалдуулугу менен айкалыштыра алышпайт. Кайра, кайра кайталоолор менен бекемделе берген механикалык жаттоочулук (муну окуунун энеси эмес, өгөй энеси десек туура болот), дагы айталы, акыры мээ менен интеллектин убалына калып тынат” (Ильэнков Э.Ф. Об идолах и идеалах. – Москва,158-бет.)

Айланаңа үңүлүп көрчү, башканы кой, өзүн өзү унуткан Сабитжандай маңкуртту, өзүнө өзү чоочун болуп, “мамлекеттик киши” болуп калган кулпенделерди оңой эле учуратасын. Сабитжандай типтерди уясынан учурган авторитардык – императивдик (Амонашвили) тарбия системасынын зыяндуу жагын бүгүп сезип-туюп отурабыз. (Албетте, советтик педагогиканын жакшы жактарын унутпайбыз).

Ушул жерден айта кете турган нерсе, тоталитаризмдин убагында Ала-Тоо аймагына таралган кочкорбаевчилик илдеттин ар түрдүү вариациядагы сүрөттөрүн тартуу жагынан, айрыкча, Чынгыз Айтматовдун кылган кызматы зор. Бул жагынан жазуучунун эмгеги али толук баалана элек десек жаңылышпайбыз. Сенектик учурунда улуу художнигибиз Кочкорбаев, Сабитжан, Тансыкбаев сыяктуу образдардын жардамы менен “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей, биздин аң-сезимибизди, өзүн өзү аңдап түшүнүүбүздү түрткүлөп ойготууга аракет кылган. Бирок биз муну анча андаган эмеспиз.

3. ТАҢСЫКБАЕВ

Эмесе, мынча болду, Кочкорбаевдин жан дүйнөсүнүн дагы бир жагы – Таңсыкбаев (“Кылым карытар бир күн”) менен, Кочкорбаевдин турмуштук эгизи менен тааныша кетели. Окуучуну “эстеп калуучу аппарат” сыяктуу көрүп окутуунун жана тарбия берүүнүн турмуштагы кейиштүү натыйжаларын, башкача айтканда, интеллектисн бечел калып, догматикалуу ойлонуунун алкагында камалган адамдын жүзүн Ч.Айтматов Тансыкбаевдин образы аркылуу элестеткен.

Тансыкбаевде да Сабитжандагыдай эле өз ою, өз позициясы, маселеге чыгармачылык мамиле деген көрүнбөйт. Тансыкбаев ойлогондо официалдуу түшүнүктөр жана категориялар менен гана ойлонот. Мунун аң-сезимине официалдуу түшүнүктөр, мамлекеттик идеологиянын нормалары кудум магнитофондун тасмасынан жазылып калгандай “жазылып” калган. Ал тирүү жан эмес, машина сыяктуу. Маселен, карап көрөлү. Тергөөчү Тансыкбаев мугалим Абуталиптин “шектүү ишмердигине” байланыштуу Эдигейди суракка алып жатат. Тансыкбаев Абуталййтин эл ичиндеги улама сөздөрдү, санжыраларды, ыр, жомокторду чогултканын зыяндуу, бузук иш, саясий ката деп эсептейт. Бул неме жеке өзүнүн сөзү, өзүнүн пикири деген болбош керек. Мен деп эмес, биз деп сүйлөш керек. Та-рыхты эскергенде, жазганда азыр талап кылынгандай, бизге керек болгондой кылып жазыш керек дейт. Интернатка окутуу деген айла кеткендин жумушу, интернат баланы үй-бүлөдөн, ата-энеден алыстатат деген Абуталиптин сөзүн Эдигейден угуп алып, Таңсыкбаев чарт жарылат: “Демек, советтик интернат жаман деген турбайбы. Ал коллективдүү тарбияга каршы турбайбы!”.

Жогоруда айтылгандай, Таңсыкбаев официалдуу идеология, мамлекет жактап чыккан нерселердин бардыгын солк этпес, кебелбес түпкү акыйкат, ыйык тумар катары кабыл алганга көнүп, аларга сокурлук менен ишенип алган. Интернат мамлекеттики, казынаныкы. Демек, интернат туптуура, дүйнөдөгү эң акыйкат нерсе. Советтик интернатка башкача пикир айтуу, кайчы сөз сүйлөп, шек келтирүү Тансыкбаевдин логикасы боюнча чыккынчылыкка барабар, социалисттик түзүлүштү ушактагандыкка жатат.

Ал эми казак талаасындагы космодром аймагынын дарбазасын кайтарган лейтенант Тансыкбаев Казангаптын өлүгүн кучактап, өзүнө казак тилинде кайрылып турган Бороондуу Эдигейге мындай дейт: “Жолдош чоочун адам, мага орусча сүйлөңүз, мен кызмат милдетин аткарып жүргөн кишимин”. Лейтенант Тансыкбаев тоталитардык мамлекет өзүнүн талаптарына ылайык дрессировкалап, үйрөтүп алган кош аяктуу айбан сыяктуу. Орус тили -мамлекеттин официалдуу тили. Тансыкбаев үчүн, бул тилден ыйык нерсе жок, орусча сүйлөө – сыймык жана бакыт. Ал эми өзүнүн эне тили менен космодромдун тикенек зымынын ичинде калган ата-бабалардын ыйык көрүстөнү – Эне-Бейит түккө турбаган нерсе. Тансыкбаев нагыз маңкурт, түпсүз кул. “Жогору жактагылардын бул эмне кылганы? Эмне үчүн казак жерине суроо-сопкутсуз бийлик кылышат? Эмне үчүн Эне-Бейит тикенек зымдын ичинде калат? Эмне үчүн бир боор казагым, өлгөн маркумун ата-бабанын көрүстөнүнө коё албайт? Биз буларга кимбиз, ыя?”,- деп өзүнө өзү суроо коюу анын оюна да келбейт.

Казармалык система тарбиялаган “робот” – Таңсыкбаев эч кебелбестен туруп, Эдигейге мындай дейт: “- Эмне туура, эмне натуура, жогортон түшкөн буйрукту мен талкуулоого акым жок, Анан дагы мындан ары силер биле жүрсүн деп, айтып коюуну мага буюрушкан: “Бул бейит жок кылынууга тийиш”.

– Эне-Бейитпи!?

– Ооба, эгер аты ошондой болсо ошол. Аерге жаңы микрорайон салынат.

– Баракелде! Башка жай түгөнүп калыптырбы, силерге жер жетпей жатабы?

– План боюнча ошондой каралган”.

Төмөндөгү турмуштун реалдуу чындыгы космодромдун дарбазасын кайтарган Тансыкбаевдин элеси менен түздөн-түз ассоциация түзүп турат. 1990-жылдын апрель айында алыскы Австралияда жашаган 84 жаштагы Азиз аттуу кыргыз карыя эл-жеримди көрөм деп Ала-Тоого келген. Анын бөтөн жерде жашап калышына 1916-жылдагы алаамат себеп болгон. Азиз карыя Ысык-Көлдө туулуп, балалыгы Түптө өткөн экен. Мына ошентип, 74 жылдан кийин, көкүрөгүнө дарт, көзүнө жаш толуп, бир боор Ысык-Көлүмдү көрөм деп өнтөлөп келген Азиз карыяны биздин республиканын ошондогу жетекчилери, жооптуу адамдары Ата конушуна киргизбей койгон.

Ысык-Көлдө коргоо министрлигинин жашыруун объектилери бар имиш. Ысык-Көлгө чет өлкөлүктүн киришин Москва каалабайт экен. Жогортон чыккан буйрук бар имиш.

Биздин жетекчилер кичине өз алдыларынча ойлонушса болбойбу. Ушул Азиз карыянын өз мекенин таштап кетишине бир кезде ошол Россия империясы себепчи болбоду беле. Эми Азиз карыя Ысык-Көлүмдү көрөйүн десе, кайра эле баягы империя бут тосуп жатат. “Жетишет!-дейт эле, эгер биздин жетекчилер Таңсыкбаев болбосо,- керек болсо коргоо министрлиги Азиз карыядан кечирим сурасын, керек болсо аскердик объектилерин алсын колдон. Ушул 84төгү чүкөдөй чалдын эмне коркунучтуулугу бар? Алып жөнөгүлө. Азиз аксакалды ыйык мекенине. Биерде көлдү биз билебиз. Кыргызстанга Москва кожоюн эмес!”. А кездеги биздин жетекчилерде ушундай эрдик болсо кана! Борборго карата кичине бир алдыртан оппозиция болсо кана!

Алыскы Австралияга ыйлап кайтып бараткан Азиз карыянын сөзү: “Киндик каным тамган Арал айылыма барсамбы деп ойлодум эле. Кыргыз баласы үчүн ыйык болгон Ысык-Көлгө жүз чайсамбы деп ойлодум эле, болбоду. Жакшы эле аракет кылдым, өкмөт башчыларына өтүнүч кат жөнөткөм, бирок чет өлкөдөн келгендерге Көлгө барууга уруксат жок экен. Айла канча, аны өкмөт өзү билет да. Мейли эми, болор иш болду. Убакытым да бүтүп баратат. Дагы бир жолу, өлбөй аман болсом, Кыргызстанга айланып келем, деген үмүтүм бар. Тиричиликте адам баласы үмүт менен жашайт тура, балким, кийинки келгенимде киндик каным тамган айылыма барып, кнчинекейимден энем менен кошо тезек терип, бирин-экин малыбызды жайган кокту-колотторду өмүрүмдүн акырында көрөрмүн деген үмүтүм бар”. (“Советтик Кыргызстан”, 24-октябрь. 1990.)

Бул факт жөнөкөй факт эмес, кокус эпизод эмес. Азиз карыя менен болгон бул окуя биз үчүн символдуу. Ооба, австралиялык кыргыз абышка казак талаасындагы ыйык Эне-Бейитти курчаган тикенек зым тосмосу сыяктуу Ысык-Көлдү курчаган тоталитардык империянын алкагын көргөн. Ошол алкактын дарбазасында сакчылыкта турган кыргыз жетекчи -тансыкбаевдерге, кочкорбаевдерге келип кабылып, үмүтү таш капкан.

Совет доорунда маданий революциянын, илим-билимдин аркасында кыргыздын коомдук аң-сезими өсүп-өнүгүп, аналитикалык-теориялык ойлоонун бийик чокуларына чейин чабыттап өсүп барды. Бул факт. Бирок мына ушундай ой жүгүртүүнүн диалектикалык маданияты, акыл-эстин интеллектуалдык-философиялык алдыңкы чеги менен катар эле Ала-Тоо ичинде акыл жүгүртүүнүн кочкорбаевдик манерасы да канат-бутагын кенен жайып, кең-кесири “гүлдөп өнүккөнү” чындык. Кыргызстандагы эркин ойлоону ар дайым кысмакка алып, муунтуп, куугунтукка алып турган ушул кочкорбаевдик стиль болду. Кочкорбаевчиликтин тираниясынын азабын кыргыз журту бардык жагынан эле тартты.

Бүгүн да Кочкорбаевди корообуздан сүрүп чыгарып, кол булгап коштошуп турган жерибиз жок. Бул оңбогур улуттук кыртышыбызга тамырын терең житирип жиберген да. Кочкорбаев бүгүн биздин ар бирибиздин ичибизде отурат. Бирибизде бүт турпаты менен, бири-бизде азыраак же көбүрөөк даражада жашап жатса, бирибиздин ичибизде акыркы даакы жүн сыяктуу илээшип келет. Эгемендүүлүк жылдарында Кочокрбаевчиликтин жаңы вариациялары пайда болуп, жашоосун улантууда. Чет өлкөлөрдүн ар кандай стандарттарын механикалык түрдө көчүрүү, чоочун идолдорго жүгүнүү, тууроо, тышкы таасирлерди ээрчип, ар жакка камгакча тоголонуу, массалык маданияттын, диндик экстремизмдин “тактекесине” айлануу, маңкуртчулук ж.б. илдеттер бүгүн бизде толту-ра. Бекеринен төмөндөгүдөй ырсаптары газеталарга жарыяланып жаткан жок:

“Мальборо” экен калпагыңдын урааны, Кытай тамга – көйнөгүңдүн даалысы! Көөдөнүңдө христиандар символу, Ары жок эй, кайда кыргыз намысы! (“Сен кимсиң?” деген ырдан)

Эмне дейбиз? Дале болсо, биздин алдыбызда актуалдуу милдет турат. Алдыдагы милдет – мындан ары дал ушул ичибизде отурган Кочкорбаев-догматикти, Кочкорбаев-кулду, Кочкорбаев-маңкуртту, Кочкорбаев-тактекени акырындап өзүбүздөн бир талчыдан болсо да сыгып чыгарып отуруп, жок кылуу. Ичибиздеги мурунку жана кийинки, кочкорбаевчиликтин катып калган мөнгүлөрүн эритип жок кылмайынча, биздин ишибиз оңой менен илгери жылбайт. Бул үчүн биздин ар бирибизден аябагандай чымырканган, эң зор, түйшүктүү ички рухий жана акыл-ой эмгеги талап кылынат.

4. СОҢКУ СӨЗ

Тыштан таңууланып, тартууланып жаткан жобо, аныктамаларды окутуп, үйрөтүп жатышкан идея, концепцияларды адам сын көз менен, шек саноо менен кабыл алышы абзел. Шектенүү – бул чындыкка карай жол деп бекеринен айтылбаса керек. Акыл-эстүү скептицизм, “макул болбоо маданияты” (Д.С.Лихачев) кишидеги рухий саламатчылыктын белгиси. Ушул нукта алганда, философ Декарттын төмөнкү сөзү абдан туура жана таасын айтылган: “Мен шектенип жатам, демек, ойлонуп жатам, а эгер мен ойлонуп жатсам, демек, жашап жатканым ошол”.

Туурасы ушул экен. Аныктама жоболорду кабыл ал, бирок колуңдан келсе аларды өз акылың менен кайрадан ачып чык. Чын-бышыгын аныкта, толукта же төгүндө, же жарым-жартылай макул де, мейли жартысы суроо бойдон, проблема бойдон калсын. Талдап, талкуулап, ишенип туруп, анан өзүндүн менчик мүлкүңө айландыр.

Турмуш фактыларынын, дүйнөнүн “ичеги-кардын” сыдырып, “тогуз катын” антарып, өз ишенимдерин өзүнүн жекече акыл жүгүртүүлөрүнүн жана ой толгоолорунун процесси менен түзүп чыккан, өзүнүн индивидуалдуу МЕНи, менчик позициясы бар, өзүн-өзү башкарган, өзүн өзү ичтен жөнгө салган, ойду жана рухту тушаган ар кандай схемаларды, моюнга албаган, өзүнө өзү кожоюн, суверендүү инсан – бул рухий-интеллектуалдык жактан өркүндөөнүн жогорку деңгээли. Биздин ар бири-биз мына ушундай бийиктикке чыгууга умтулушубуз керек. Ата Журтубуз ушундай инсандары менен күчтүү болмок. Чынгыз Айтматов өзүнүн повесть романдары аркылуу ушундай философияны насааттаганы жана бийикке багыттанган акыл-эстин жолуна каскак болгон, тоскоол, тормоз болгон Кочкорбаевчилик, Сабитжанчылык, Таңсыкбаевчилик сыяктуу социалдык-психологиялык көркөм типтерди, таасын образдарды жаратып, бизди ойлондургандыгы менен улуу.

Макалабызды төмөнкү ыр саптары менен аяктайлы:

Бирөөлөрдүн оюн оңой кабылдаш,

Бирок аның өз дөөлөтүң боло албас,

Өз пикириң өзөгүңө тамырлаш,

Өзүнкүңдөй кымбат нерсе табылбас,

Ич жагыңдан мотор сындуу айланып,

Өтө керек өз ой менен жалындаш.

Бөтөн ойду балдак кылып таянбай,

Өз күчүнө ишенгендер жаңылбас!

Советбек Байгазиев, окумуштуу-публицист

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: