Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Стамбулда Пакистандын Президенти Ариф Алви менен жолугушуп, Пакистандагы кыргыз жарандарынын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин козгоду

Бөлүшүү:

Түркия Республикасынын негизделишинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына келген  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланды.

«Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында келерки жылы конструктивдүү диалогду улантууга жана колдоого даярмын. Мен Сиз менен дагы бир жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта болом», — деп баса белгиледи Президент жана кыргыз тарап 2019-жылдын июнь айында  ШКУ мамлекеттер башчыларынын Саммитинин алкагында анын Бишкекке визитин күтөөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, Пакистанда кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде Кыргызстандын жараны А. Айылчиеванын жашы жете элек уулун кайтарып берүү тууралуу кайрылуусу жөнүндө маселелер козголду.

Өз кезегинде, Пакистан Президенти Ариф Алви Кыргызстандын жараны А. Айылчиеванын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө ала турганын жана Пакистандын территориясында чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын бузулушуна жол бербестигин баса белгиледи. Мекенине кайтып келери менен Ариф Алви Пакистан ички иштер министрлигинин башчысын чакырып, ага тийиштүү тапшырмаларды берет.

Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында Пакистан лидери Бишкек-Исламабад түз авиакаттамын ачууну жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана талкуулоо үчүн  бизнес өкүлдөрүнүн өз ара визиттерин уюштурууну сунуш кылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн абдан эле либералдуу мыйзамдар бар экенин белгиледи.

Ариф Алви Кыргызстан лидерин ыңгайлуу учурда Пакистанга визит менен келүүгө чакырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: