Menu

Түркмөн бийлиги олимпиадалык шаарчадагы батирлерди сата баштады

Бөлүшүү:

Ашхабадда жергиликтүү бийлик 2017-жылы Азия оюндары учурунда спортчулар жашаган олимпиадалык шаарчадагы батирлерди сатыкка койду.

Түркмөнстандагы “Азатлык” радиосу өз булактарына таянып билдиргендей, учурда батирлер министрликтер менен мекеме-ишканалардын кызматкерлерине сунушталууда.

Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерде бардык ыңгайлуу шарттар болгону менен сатып алууну каалагандар аз. Себеби баасы кымбат.

Түркмөнстанда 2-3 миң манаттык айлык акы расмий курс боюнча 666-857 долларды түзөт. Батирлердин эң эле төмөнкү наркы 5 миллион манат же 1,5 миллион доллардын тегереги.

Ашхабаддагы олимпиадалык шаарча 2017-жылы Азия оюндарына карата бюджеттин эсебинен курулган эң ири инфраструктуралык объект болуп эсептелет. Жалпы аянты – 157 гектар. Курулуш иштерин Polimeks түрк компаниясы жүргүзгөн. Айрым маалыматтар боюнча шаарчаны салуу үчүн 5,5 миллиард доллардан ашык каражат жумшалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: