Menu

КСДП бет тырмалыгын кайра баштады: Илмиянов алган $150 миң параны да ТЭЦтеги коррупциядай Жээнбековго оодара салууга аракеттенүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) “Икрамжан Илмиянов алды” деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялады. Бул тууралу “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” долбоору билдирет.

Атайын кызматтан келген, “24-октябрда жазылды” деген катта “тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов “Дизел комплект” аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды “демөөрчүлүк жардам” катары алганы аныкталды” деп айтылган. Ушундан улам КСДПнын эсебине ушунча акча түшкөн-түшпөгөнүн тактоо боюнча суроо берилген.

КСДП бул катка 29-октябрда жооп берип, анда партия бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн, ошондуктан шайлоого байланыштуу бардык маселелерди, анын ичинде каржылык маселелерди президенттикке талапкер жана анын штабы чечкенин жазган. Катта КСДПнын штабга жана шайлоо фондуна эч кандай тиешеси жок экендиги, партия акчаны албаганы айтылган. Финансылык документтердин баары талапкердин штабы менен БШКда болоору белгиленген. Ошондуктан КСДП “бардык суроолор боюнча мурунку президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну” сунуш кылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты, УКМК азырынча бул маалыматка байланыштуу үн ката элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрында кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон.

КР УКМКадан КСДПга келген кат:

КСДПдан УКМКга жооп:

Кyrgyztoday: Бул каттардын мазмунунан байкалып тургандай УКМК КСДПга жазган катында “Дизель комплект” фирмасы $150 миң долларды президенттик шайлоо кампаниясына эмес, түздөн-түз КСДП партиясына спонсордук жардам катары накталай Икрамжан Илмияновго бергенин билдирген. УКМК КСДПга суроону туура жана так берип жатат.

Ал эми КСДП өз жообунда суроону башка жакка бурмалап, ал акча Жээнбековдун шайлоо кампаниясына алынган дегендей кыйытып, жоопкерчиликти Жээнбековго оодара салуу аракетин жасаган. Бул КСДП үчүн көнүмүш адат. Быйыл жазында да КСДПчылардын Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык схемалары коомчулукка билинип калганда Атамбаев баш болуп ТЭЦтеги коррупцияны президент Жээнбековго оодара салуу аракетин жасаган. Бирок, укук коргоо органдары бул иш боюнча бүтүндөй КСДПчыларды – Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Салайдин Авазов, Жантөрө Сатыбалдиев жана башкаларды камакка алып, татыктуу жообун берген. Эми Илмияновдун $150 миң доллары боюнча да КСДП татыктуу жообун алары түшүнүктүү.

Дегеле, 2010-жылдан бери КСДПнын лидерлери ар бир парламенттик шайлоонун алдында өлкөнүн бай адамдары менен фирмаларынан партияга жардам бер деп ири суммадагы акчаларды алып келатышкандыгы бирок ал суммалар шайлоого пайдаланылбай жиксиз жоголору айтылып келген.

Ошол эле “Дастан” заводунун расмий жетекчилери тергөө органдарына 2010-жылы парламенттик шайлоодо КСДПга миллиондогон сомдорду мамлекеттик заводдун эсебинен беришкенин мойнуна алып, көрсөтмө беришкен. Бирок ал кездеги өлкө жетекчиси Атамбаев бул ишти жаптырып койгон. Эми аны да кайра козгоп, ишке юридикалык баа берүүгө убакыт жетти.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: