Menu

Баласын олтуруп дивандын алдына катып койгон эне 3 жылга эркинен ажыратылды.

Бөлүшүү:

Колума калем кармабай калганыма көп болду эле, айланайындар, аргасыздан алууга туура келди. Сентябрь айларынын ичинде неберелерим, чөбөрөлөрүм менен Панфилов паркына бардык эле, чарчагандыктан кужурашып бир отургучта эс алып отурсак, маңдайкы отургучта индустарбы, арабдарбы, аркасында асынган баштыктары бар төрт бала, эки кыз отурушкан, өздөрүнүн тилинде сүйлөп каткырышып. Анан эле бирөөсү тура калып артындагы жапыз бактардын артына кирип кетип кайра келет, ал келгенде экинчиси кетет, иши кылып бат-баттан бара башташты. Мен чочулап улуу неберелерим Малик менен Камилага айттым, акырын барып карап келсенер, тигилер эмне кылып жатышат деп. Малик келип кулагыма шыбырайт: апа, сийип атышат деп. Жиним келип колу-башымды жаңсап урушсам, эч нерсе болбогондой сагыздарын чайнап, каткырышып кетип калышса боло. Эсиме келди, Келдибек Ниязовдун «Келгиле, жерибизге суктангыла, меймандостугубузду көргүлө, бирок суубузга сийбегиле» деген макаласын «Фабула» гезитинен окуганым. Абдан туура жазган тура. Айланайын, милийса дегени кайда, аларды кармап сүрөткө тартып, видеосуна дагы тартып элчилигине алып барып штрафты төлөтүп мекенине айдап жиберишсе, кийинки келгендери андай кылбай калат эле. Ушул жерден илгерки окуя эске түшөт. Анда абышкам экөөбүз Чолпон-Атада бир мекемеде иштейбиз. Бир күнү айтып калышты, «Усубалиев атасы менен өкмөттүк дачада» экен дешип. Убакыт өтүп алар кеткенден кийин райондук чогулуш болуп, Турдакун Усубалиев капа болуп кеткендиги маалым болуптур. Көрсө ал киши: “Көлдө балыкчылар аябай көбөйүптүр, кайыктары менен керээлден кечке балык кармап отурушат, көбү түнү менен деле отурушат экен, булар каяка бейшеп кылышат, же балыкка кызыккан немелер суткалап чыдайбы, текшерип койгула” деп кеткен экен. Ошол замат кайыктардын баарын жээкке чыгарып балыкчыларды суракка алышса, баары тең бир ооздон каяка болмок эле, көлгө да дешиптир. Ошондон баштап кайыктарды каттоого алып, пломбулап таштады эле, бат эле тартип болуп көлдүн үстнөн бир дагы кайык, балыкчы көрүнбөй калган. Жаман алында менин абышкам дагы балыкчы болуп кайык сатып алды эле, ал дагы кайыгын сатып балыкчылыгын токтоткон. Көрдүңөрбү, башчынын сөзү бир эле болгон, аны беркилер кынтыксыз аткарышкан.

Азыр ушул нерселер жетишпей турат. Ушул жерден президентке кайрылып кетет элем. Урматтуу Сооронбай Шари-пович, сиздин өлкө башчы болгонуңуздун бир жылдыгы дагы жакындап баратат. Жаман эмес жылыштар бар. Эл сиздин 35 дегениңизди дагы унутуша элек. Сиздин «Эгер мен президент болуп калсам менде тууган дагы, жердешчилик дагы, дос-тамыр дагы, таяке-жээн дагы болбойт, менде бир гана кыргыз эли болот» дегениңиз эсибизде. Ошол сөздөрүңүздү унутпай аягына чыгыңыз, мен сизге ишенем. Ошондуктан сизге ушул катым аркылуу жалпы Кыргызстандагы пенсионерлердин атынан кайрылгым келет. Жанагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрин эки орун басары менен аттарын атагым келбейт, ар бир пенсионер үчөөнү каргап отурушат, экинчи кызматка келбегендей чара көрүп текшертип, былыктары болсо кустуртуп, түрмөгө айдаш керек. Кара башыңды жегир, катын башы менен Кореяга барып мас болобу, болгондо дагы учактын ичинде. Экинчисинин көпкөнүн кара, пенсионерлер дагы пенсиясын чогултуп чет жакка барып сайрандап келишсин, дегени эмне деген көпкөнчүлүк, көк мээлик. Сиз, урматтуу президент, эптеп кичинеден каражат чогултуп пенсияны көтөрөйүн, мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатайын, мектеп, маданий, спорттук жайларды салалы деп жүрсөңүз. Бул көпкөн аялдар ал акчага чет элде өздөрү айткандай, сайрандап жүрүшөт. Мына ушундайлар сиздин ишиңиздин илгерилешине өтө тоскоол болушуп сизди элге уят кылып жатышат. Бөлөктөрү дагы толтура. Анан дагы айтып калышат, аялдарга кызмат беришпейт дешип. Кызмат алган 3 аялдын кылыгы бул. Эми акыркы айтаарым, той-топур дагы чектен чыгып баратат, чектен чыкканы ушул аттары элге алына баштаган ырчы кыз менен алып баруучу кыздын тойдо бири-биринин чачтарын жулушуп тепкилешкени, анан аларды тойго кантип чакырасың дагы, телевизордон кантип көрөсүң. Акыры айтаарым, бул демократия кыргызга кереги жок эле экен. Өтө эле ээн-эркин болуп баратабыз, тартип деген болуш керек. Ошол тартиптин жогунан жогорудагыдай окуялар болуп жатат. Эсибиз барда, этек-жеңибизди жыялы.

Эмгек сиңирген ардагер, 82 жаштагы энеңер Малтай кызы Шайымбүбү, Бишкек шаары

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: